Menu

Президент Садыр Жапаров Лейлек районундагы жаңы мектептин пайдубалына капсула салды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Лейлек районундагы Борбордук айылында мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектептин имараты 225 окуучуга ылайыкталган.

Садыр Жапаров бул билим берүү жайынан келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган чыныгы кесипкөй адистер тарбияланып чыксын деп тилек кылды.

Президент ошондой эле Лейлек районундагы «Жаңы-Жер» чек ара тозотунда болду.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлери менен жолугушууда өлкөнүн чек арачылары менен укук коргоо органдарынын даярдыгынын, бийик моралдык духунун жана баатырдык аракеттеринин аркасында өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталып калгандыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары жакшыртуунун жана мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мамлекет башчысы Борбордук жана Достук айылдарынын тургундары менен баарлашты. Жергиликтүү эл кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Президент жакынкы мезгилде Баткен облусуна аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында өзгөчө статус берилерин баса белгиледи. Бул статустун алкагында облуска бир катар жеңилдиктер берилет, анын ичинде салыктык жана инвестициялык өзгөчө режим киргизүү пландаштырылууда.

«Туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле калктуу конуштардын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу, жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу жана башка көптөгөн маселелерди чечүү үчүн Баткен облусун мындан ары комплекстүү өнүктүрүүдө зарыл болгон бардык нерселерди жасап жатабыз жана мындан ары да жасайбыз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: