Menu

Улукбек Марипов: “Экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо менен тыгыз байланыштуу”

Бөлүшүү:

Экономиканын мындан ары өнүгүшү жаратылыш ресурстарын сактоо, тоо-кен тармагындагы жер казнасын пайдалануу саясатын туура жана ачык-айкын жүргүзүү менен тыгыз байланыштуу, жер казнасы жана пайдалуу кендер эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, анын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүсү тийиш. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында билдирди.

«Акыркы мезгилде биз климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана алардын аянтынын кыскаруусуна уламдан-улам күбө болуп жатабыз, буга байланыштуу аларды сактоо боюнча чараларды өз убагында көрүү маанилүү болуп калды. Бул олуттуу милдеттердин бири болуп саналат, себеби ал КМШ мүчө-өлкөлөрдүн калкынын жашоо шартына жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Аталган багыттагы ишти, анын ичинде КМШга мүчө мамлекеттердин 2021-2025-жылга Жер казнасын чалгындоо, пайдалануу жана сактоо боюнча биргелешкен иштердин келечектүү Пландарын ишке ашыруу алкагындагы ишти активдештирүү маанилүү болуп саналат», – деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө келишимди эске салды.

«Бул келишим жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга, Шериктештиктин жарандарынын эркин жүрүүгө болгон укуктарын камсыз кылууга жана жагымдуу эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп ишенебиз. Эл аралык сапарлар үчүн «COVID-19суз саякаттайм» санариптик платформасынын өз учурунда ишке киргизилиши натыйжалуу болду. Аталган тиркеменин жөнөкөй жана ыңгайлуулугун эске алуу менен, аны өлкөлөр ортосундагы темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган эл аралык каттамдагы поезддерде пайдалануу зарыл деп эсептейбиз», – деп сунуштады Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов белгилегендей, КМШдагы эпидемияга каршы кырдаалды турукташтыруудагы кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү маселеси боюнча мүчө өлкөлөрдүн пикирлеринин окшоштугу Шериктештикте экономикалык өз-ара мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүдө, достук, коңшулук мамилени жана туруктуулукту чыңдоодо  маанилүү фактор болуп саналат.
Жолугушуунун жыйынтыгында, КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

«Меймандос кыргыз жеринде кайрадан жолугушууга кубанычта болобуз. Аталган иш-чараны салттуу түрдө жогорку деңгээлде уюштурууга бардык күч-аракетти жумшайбыз», – деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Маалымат үчүн: 2021-жылдын 1-апрелинде «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси ишке киргизилгенден тарта Кыргыз Республикасынын 64 миң 287 жараны бул тиркемени колдонушкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: