Menu

Өзбекстан менен Тажикстан Самарканд-Пенжикент темир жолун курууну пландоодо

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен Тажикстан Самарканддан Пенжикентке чейин темир жол салууну пландаштырууда. Мындан тышкары эки өлкөнүн транспорттук ведомстволору Бекабад – Канибадам – Кокон темир жол багыты боюнча өтө турган электр линияларын куруу жөнүндө макулдашууга кол коюуга ниеттенишүүдө.

Тажикстан менен Өзбекстан азыркыдай чектөөлөр жок бирдиктүү темир жол мейкиндигин түзүүнү пландоодо.

Өзбекстан президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймак аралык иликтөө институтунун директору Акрамжон Неъматовдун айтымында, мындан башка да долбоорлорду ишке ашыруу караштырылууда:

– Анын ичинде Самарканддан Тажикстандын Айни районуна чейин темир жол куруу долбоору талкууланууда. Жалпысынан Өзбекстан менен Тажикстан бирдиктүү транспорттук мейкиндик түзүүнүн үстүнөн иштөөдө.

Душанбе менен Ташкент транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосунда жүк ташуу менен товар жүгүртүүнү көбөйтөт деп эсептейт. Тажикстан менен Өзбекстан жылдык товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо. 2020-жылы бул көрсөткүч коронавирус пандемиясына байланыштуу 333 млн доллардан бираз ашып, 2019-жылга салыштырмалуу 7,8 пайызга төмөндөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

9 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: