Menu

Ташкентте Аяз Аталардын жүрүшү өттү

Бөлүшүү:

Быйыл Ташкенттеги 505 мааленин активисттери Аяз Атанын кийимин кийип алып, Жаңы жылдык майрамга катышышат.

«Махалля» фондусунун Ташкент шаардык бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ёрматов билдиргендей, «Мааледеги Жаңы жыл» долбоорунун алкагында жүздөгөн Аяз Ата даярдыктан өттү.

Бул арада 16-декабрь күнү Ташкент шаарынын көчөлөрүндө Аяз Атанын кийимин кийген маале аксакалдары, активисттери жана катардагы жарандар жүрүш жасашканы кабарланды.

«Махалля» фондунун Ташкент шаардык бөлүмү кабарлагандай, алар майрам күндөрү кембагал үй-бүлөлөргө, жашы 100дөн ашкан кары-картаңдардыкына жана Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларыныкына барышат.

Мындан тышкары 20-31-декабрь аралыгында шаардык маале комитеттеринин имараттарында жана балдар аянтчаларында 12 жашка чейинки балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулат.

​Ташкентте Аяз Аталардын жүрүшү биринчи жолу өтүүдө. Мурда ушуга окшогон иш-чаралар Бишкек жана Алматы шаарларында уюштурулган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: