Menu

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов маморган жетекчилеринен натыйжалуу электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчамдатып киргизүүнү талап кылды

Бөлүшүү:

«Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи КРнын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 28-декабрда «КРдагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты — санариптештирүү жаатындагы милдеттерди жана келечекке болгон пландарды, кечиктирилгис чараларды талкуулоо.

Конференцияны ачкан Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу 2020-жылдын 17-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунда санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугун эске салды.

«Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деп белгиледи Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.

«Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым  жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биздин сөзүбүз кыска болот», — деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет. Ал жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө абдан көңүл бурууну дагы бир жолу талап кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: