Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Арстанбаев Мирлан Есенович ишин айкалыштырып Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Теги: Мирлан Арстанбаев
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ