Menu

Дан эгинин импорттоо жана ун жеткирлүүлөр 1 жылга КНСтен бошотулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган токтомго ылайык дан эгинин импорттоо жана ун жеткирүүлөр 1 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулду.

Алсак, 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 1-августуна чейинки мезгилде төмөнкүлөргө кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленди:

– түздөн-түз импорттоочу, ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан унду кайра иштетүүгө арналган данды импорттоо боюнча;

– түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан өндүрүлгөн унду салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча.

Бул унга болгон базар баасын турукташтыруу, ошондой эле айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн эффективдүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.

Бул демилге ички азык-түлүк рыногунда терс кесепеттерди болтурбоого багытталган жана ата мекендик чарбалык субъекттер тарабынан унду кайра иштетүү үчүн данды ташып кирүүнүн түрдүүлүгүн жана көлөмүн жогорулатат жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.

Бул чечим 2021-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Токтомдун толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: