Menu

Видео – Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу улантылууда.

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  2021-жылдын 1-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү  камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка  кол койгон.

«Мамлекет башчынын Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Анын ичинен 29у Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү Координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», – деп белгледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

– Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

– Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

– Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

– Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г.Кожобеков кызматтан алынды;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешевге, Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси катары талап кылам», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Sulayman Kayıpov
2 years артка

Эң негизги иш жасалбаптыр. Ушул адамдардын баарын жаңылыш ишке түрткөн партияны да “оюндан” чыгарыш керек болучу. Мына ошондо чындап тазалыкка умтулуу болмок. Макул, Бийлик өз ишин жасаптыр дейли. Эми БШК да өз милдетин аткарыш керек ко дейм. БШК эмне унчукпайт?
Кызык болуп жатпайбы. Ойлонуп көрсөңүз, кайсы бир партия жер-жерлерге барат да, мен жогору жактан бата алып келдим деп калп айтып, адамдарды ишендирип, керек болсо коркутуп жаңылыш иштерди жасатат. Аргасыздан “жардам берсе берели” деген, мажбурланган кишилер жазаланат, ишсиз калат да, негизги күнөкөр – партия тайраңдап шайлоого катыша берет. Балким, үйүр-тобу менен тайраңдап депутат болуп да келишет. Ушундай да болобу! Токмок жеген кишини андан бетер токмоктоп, токмоктогон кишини тон кийгизип сыйлагандай эле кеп бул. БШК эмне дейт, көрө жатарбыз! Тазаланалы дедикпи, эч кимдин көзүнө карабай тазаланалы да. Туурабы?

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: