Menu

ИИМ: Стамбулда журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектелген түрк жараны Бишкектен кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында Түркиянын жараны А.И. жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан.
2022-жылдын 26-февраль күнү ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Түркия жараны 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Андан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылып алынган.
Андан сырткары, текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаран Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынганы аныкталган. Ал Түркиянын Стамбул шаарында 2007-жылдын январь айында орун алган журналист Грант Динкти атайылап өлтүрүүгө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.
2022-жылдын 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен А.И. №1 тергөө абагына эки айга камалды.
Эске салсак: Стамбулда чыккан армяндардын «Агос» гезитинин башкы редактору Грант Динк 2007-жылы 19-январында редакциянын кире беришинде түрк улутчул Огун Самаст тарабынан өлтүрүлгөн.
Киши өлтүрүү Түркияда кеңири резонанс жаратып Стамбулдун жана Түркиянын башка шаарларынын миңдеген тургундары “Баарыбыз Динкпиз”, “Баарыбыз армянбыз” деген плакаттар менен адам өлтүрүүнүн уюштуруучуларын таап, жазалоо талабы менен митингге чыгышкан.
Адам өлтүрүү боюнча сот беш жылдан кийин гана аяктаган. Кылмышты жасаган ошол кезде жашы жете элек Огун Самаст 21 жыл 10 айга эркинен ажыратылган. Бул ишке 19 адам катышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: