Menu

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети Жалал-Абад облусундагы тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети 2022-жылдын 19-20-21-июнунда тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Иш-чарага комитеттин мүчөлөрү, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана КР Энергетика министрлигинин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ошондой эле тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышууда.

Иш сапардын экинчи күнү, 20-июнда эл өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Жамгыр алтын кенине барышты. Кен 1985-жылы ачылган. 2003-жылдан бери кенди казакстандык «Вертекс Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому иш алып барат . 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запастары: руда – 1773 миң тонна, алтын – 10744,63 кг, алтындын орточо өлчөмү 6,06 г/т.

Андан ары депутаттар Чаткал районунун аймагында жайгашкан Куру-Тегерек кенин иштетип жаткан кытайлык «Кичи-Чаарат» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Кен 1960-жылы табылган. 01.01.2022-жылга карата пайдалуу кендердин запасы: жез – 347236 тонна, алтын – 38543,273 кг, күмүш – 151510 кг түзөт.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү тоо-кен тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу зарылдыгын айтып, кадр саясатын ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Тоо-кен ишканаларынын ишмердүүлүгүн талкуулоо Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында жергиликтүү эл менен жолугушууда уланды. «Суроо-жооп»  форматында өткөн жыйналышта социалдык-экономикалык көйгөйлөр, анын ичинде жер казынасын пайдалануу маселелери талкууланды. Алсак, жергиликтүү тургундар жаратылыш ресурстарынын ири запастары бар экендигине жана аларды активдүү казып алуу иштерине карабастан, жер казынасын иштетүүдөн аймактын социалдык-экономикалык абалына сезилерлик таасирин тийгизбей жатканын айтышты.

Мындан тышкары, экологиялык мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, атап айтканда, жыйындын катышуучулары уулуу өндүрүш калдыктарынын жана айлана-чөйрөнүн булгануу коркунучун жараткан калдыктарды сактоочу жайлардын туура эмес жайгаштырылышына көңүл бурушту.

Ошондой эле «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсынын жана «Кичи-Чаарат» ЖАКсынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу, жергиликтүү тургундарды ишке орноштуруу тууралуу маселелер көтөрүлдү. Чаткалдыктар жергиликтүү коомчулуктун пикирин жана кызыкчылыгын эске алуу менен тоо-кен тармагын жөнгө салууга багытталган мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдүү киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйындын соңунда Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин депутаттары бардык көтөрүлгөн маселелерди карап чыгууга убада беришти, ошондой эле «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсына жана «Кичи-Чаарат» ЖАКсына тиешелүү бардык материалдарды иликтөө максатында комитеттин жыйындарында кароо боюнча чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: