Menu

Чолпон-Атада ТүркПАнын кеңешинин жыйыны өтөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отуруму жана XI пленардык жыйыны өтөт.

Буга чейин анда түрк тилдүү мамлекеттердин алака-катышын чыңдоо, уюмдун атын өзгөртүп, логотибин бекитүү өңдүү маселелер каралары маалымдалган.

Кыргызстанга 23-майда Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегациялар келди.
Жыйындын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
ТүркПА – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: