Menu

Кыргызстанда дизелдин кымбатташы күтүлүп жатат

Бөлүшүү:

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Орусияда мунайды кайра иштетүү заводдору дизелдин эскпортун кыскартып жатканына тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Алардын маалыматына караганда, жыл башынан бери дизелдин баасы тоннасына 600, АИ 92 бензини 370 АКШ долларына чейин көтөрүлгөн учурлар болду. Акыркы айда Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда дизелдин дүң баасы 300 АКШ долларын түздү. Буга байланыштуу нефтетрейдерлер күйүүчү майдын бул түрүнүн баасын көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Монополияны жөнгө салуу кызматы бааларды туруктуу кармап туруу, резервдерди камсыз кылуу, кардарлардын укугун коргоо сунуштарын берди.

17-августка карата Кыргызстанда АИ 95 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы 65,90 сом, 92 үлгүсүндөгү бензин 61,90 сом болууда. Дизель майы 71,90 сомдон сатылууда. Бул рыноктогу орточо баалар.

Кыргызстандын мунайга болгон керектөөсү жылына 1 млн. 200 миң тоннаны түзөт. Мунайдын 90% Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан импорттолот. Кыргызстанда мунай баасы акыркы 1,5 жылда эки эсеге жакын кымбаттап кетти. 2021-жылдын январь айында 92 үлгүдөгү бензиндин баасы 35 сом болсо, ушул күндөрү 62 сомдон сатылууда. Мунайдын биржалык баасынын кымбатташына орус-украин согушунан улам кирген жапырт санкциялар жана доллардын кунунун өсүшү кошул-ташыл себеп болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: