Menu

Кыргызстандын ТИМи Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун айткандарын төгүндөдү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын башкы прокурору Берик Асыловдун Январь окуяларына кыргызстандык жарандар дагы катышканы тууралуу айтканын четке какты. Билдирүүдө бир дагы кыргызстандык былтыркы кандуу окуяларга аралашпаганы белгиленген.

“Министрлик Казакстандагы былтыркы кейиштүү окуяларга кыргыз жарандарынын кандайдыр бир тийиштиги бардыгын караманча четке кагат. Ошону менен катар эле Кыргызстандын эки жараны калайман баш аламандык фактыларына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөдө жоопко тартылып, шартуу жаза чегерилген. Бул жарандар өздөрүнөн көз каранды болбогон жагдайда кайсы бир эпизоддорго кокусунан аралашып калган. Башка кыргыз жарандарынын күнөөсү жана жоопкерчилиги далилденген эмес. Кыргызстандын бир дагы жараны Казакстандагы бир дагы митингге, калайман баш аламандыкка, талап-тоноочулукка аралашкан эмес”, – деп жазылган билдирүүдө.
Берик Асылов 5-январда парламентте былтыркы Январь окуяларына катышкан чет өлкөлүктөрдүн арасында кыргыз жарандары дагы болгонун айткан.
Январь окуяларында ошол маалда Алматы шаарында жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалып, сабалган жана бул фактыга байланыштуу Казакстанда жана Кыргызстанда дагы “кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дагы бир жабырланууучу Чолпонбек Сыдыковдун “кыйноо” боюнча кылмыш иши азыр Кыргызстанда тергелип жатат. Сыдыков ырайымсыз ур-токмокко алынып, кабырга-буту сынган, баш-мээси чайкалган оор абалда Кыргызстанга жеткирилип, бул окуялар коомдо резонанс жараткан. Коңшу өлкөдөгү тополоңдо Кыргызстандын эки жараны да каза болгон.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.
Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: