Menu

СПОРТ

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Ташкенттен Москвага которулду

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2021-жылы 12-14-ноябрь аралыгында Ташкентте өтөт. Мындай чечим Эл аралык самбо федерациясынын аткаруучу комитетинин 24-мартта Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин Эл аралык самбо федерациясы дүйнө чемпионаты Москвада өтөрүн билдирген. Бирок былтыр декабрда Спорттук арбитраждык сот Орусияны дүйнө чемпионаттарын жана Олимпиада оюндарын өткөрүүгө эки жылга тыюу салган. Буга байланыштуу самбо мелдешти Ташкентте өтмөй болду.

Азиялык самбо федерациясы дүйнө чемпионатына катыша турган спортчуларга Өзбекстанга виза алууга жардам берүүнү убада кылды.

Самбо боюнча Азия чемпионаты да быйыл июль айында Ташкентте өтөт.\

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бажы кызматкери Сумо боюнча мелдеште чемпион болду

Борбор калаада сумо боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке өлкөнүн бир катар аймактарынан 150дөн ашуун балбан катышты. Турнирде 18 жашка чейинки жаш балбандар жана чоңдор
күч сынашты. Чоңдор 65, 70, 85, 100 жана 115 килограмм салмакта, ал эми эркек балдар 35, 42, 48, 55, 65 жана 70 килограмм салмактарында күч сынашты.

Турнирде Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Алмаз Эргешов күчүн сынап, жарым финалда Тилек Усуповду жеңип, финалда
Ильяз Нурланбек уулун жеңип, сумо боюнча чемпион аталды.

“Алмаз Эргешов Азиянын эки жолку байге ээси, өлкөнүн бир нече жолку чемпиону жана спорттун ушул түрү боюнча көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү экендигин белгилей кетмекчибиз.

Мамлекеттик бажы кызматынын өздүк курамы Алмаз Эргешовду жеңиши менен куттуктайт!”, – деп айтылат маалыматта.

Видео - Грек-рим күрөшү боюнча Бишкектин биринчилигинде “Беш сары” спорт клубунун балбандары жеңишке жетишти

Кечээ, 21-мартта Бишкек шаарында  грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы биринчилик өттү. Ал мелдешке жалпысынан 180 балбан катышты.

Бул биринчиликтен уткан балбандар эл аралык мелдештерге жана Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатына жолдомолорду утуп алышты.

Ошондой эле бул биринчиликтин натыйжалары менен мыкты балбандардын катышуусунда грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаардык курама командасы түзүлдү.

Бул мелдеште “Беш сары” спорт клубунун балбаны Өскөнбаев Алишер биринчи орунду жеңип алды. Муратбек уулу Саид  51 кг салмактагылардын арасында 2-орунга татыды.  Дастан Эсенгулов 55 кг салмактагылардын арасында 3-орунга ээ болду.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Беш сары” спорт клубун депутат Камчыбек Жолдошбаев негиздеп, каржылап келе жатат.

 

Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын токтотту

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу Твиттерге UFC башчысы Дэйна Уайт жазды.

«Ал расмий түрдө 100% пенсияда. Сенин ишиңге көз салуу укмуштудай болду, сага баары үчүн рахмат, мындан аркы жашооңон ырахат ал, досум», – деп жазды Уайт.

32 жаштагы Хабиб Нурмагомедов өз карьерасында 29 жолу мелдеш өткөрдү. Ал UFC уюмуна 2012-жылы кирип, 13 жолу жеңишке жеткен.

2020-жылы октябрда мушкер америкалык Жастин Гейжини жеңип, үчүнчү жолу UFC чемпиону титулун сактап калган. Анда спортчу кесиптик карьерасын аяктаганын жарыялаган. Нурмагомедовдун айтымында, ал апасына бул анын акыркы мелдеши болору жөнүндө сөз берген. Апасы анын атасы жана машыктыруучусу, 2020-жылы COVID-19дан көз жумган Абдулманап Нурмагомедов жок мушташканын каалаган эмес.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Күч органдарынын ардагерлеринин бильярд боюнча республикалык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды 

Кечээ, 17-мартта  Бишкек шаарындагы “Альбатрос” бильярд залында Улуу Ата мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 75 жылдыгына катара өлкөбүздүн күч органдарынын, коопсуздук  кызматкерлеринин ардагерлери арасында бильярд боюнча республикалык турнир курч мүнөздө өттү.

Турнир күч, укук, коопсуздук органдарынын, согуштун жана тылдын ардагерлеринин Республикалык Кеңешинин демилгеси менен уюшулуп, уюштуруу тобунун башында Кыргыз Республикасынын коргоо экс-министри, генерал-майор Абибулла Кудайбердиев турду.  Бул тууралуу мелдештин уюштуруучуларынын бири, Эл аралык полиция ассоцациясынын кыргыз секциясынын жетекчиси, генерал-майор Шейшенбек Байзаков билдирди.  Анын айтымында мелдешке былтыркы жылдын май айында өтмөк, тилекке каршы ковид жана пандемия илдетине байланыштуу жылдырылып, быйыл март айына белгилеген эле. Турнирге  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо  министрлигин, Ички иштер министрлигинин,  Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын, Финансы полициясынын жана Эл аралык полиция ассоцациясынын кыргыз секциясынын ардагерлеринин 6 командалары катышып, мөрөй талашты. Жалпысынан оюндарга 40ка жакын ардагерлер катышып, командалык жана жеке биринчиликтер үчүн күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында  командалык  биринчи орунду Эл аралык полиция ассоцациясынын кыргыз секциясынын ардагерлеринин командасы жеңип, Кубок менен сыйланды. Командалык экинчи орун Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин ардагерлер командасына ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлер командасы камсыз кылышты. Жеке таймашуулардын жыйынтыгындак биринчи орунду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдакы орун басары, полковник Жакыпбек Байимбетов жеңип алып, алтын медаль жана 1-даражадагы диплом, баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Финалга чейин жетип, экинчи орунду Эл аралык полиция ассоцациясынын кыргыз секциясынын ардагерлер командасынын өкүлү подполковник Жами Кулманбетов ээлеп, күмүш медалдын жана 2-даражадагы дипломдун ээси болду. Байгелүү үчүнчү орундарды тең Эл аралык полиция ассоцациясынын кыргыз секциясынын ардагерлер командасынын өкүлдөрү, отставкадагы полковниктер Мухтар Мухаммадиев менен Замирбек Алымбеков камсыз кылышып, коло медалдарды тагынып, 3-даражадагы дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Спорттук мелдеш күч органдарынын ардагерлери арасында абдан кызыгуу жаратып,  көп  көрүүчүлөрдү жана күйөрмандары чогултту. Өз кезегинде турнирдин катышуучулары да уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: "Балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жок"

Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жок. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.

«Адамдын ден-соолугунун сактыгынын 50%ы анын кыймыл активдүүлүгүнөн көз-каранды. Массалык жана балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү маселеси четте калууда. Статистика көрсөткөндөй, 2016-жылдан тарта спорттук объектилердин (короолордогу жана парк аймагындагы спорт аянтчалары, футбол талаалары, бассейндер, лыжа базалары, ден-соолук чыңдоочу комплекстер) саны бир нече эсеге кыскарган.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ушунча жылдан бери спорттун массалык түрүн өнүктүрүү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу боюнча кандай иштерди алып барып жаткандыгы түшүнүксүз», – деп белгиледи Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, иштелип жаткан программа жана долбоорлордун көпчүлүгү иштебейт.

«Мисалга, Өкмөттүн «2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы спорт» программасынын биринчи пункту катары тегиз аянттарды куруу милдети коюлган жана анда каржылоо булагы да көрсөтүлгөн. Биздин чечимдер кагазда гана калып, ишке ашырылбай жаткандай туюлат. Ошол эле учурда эмне себептен спорт аянтчасы курула турган жерде көп кабаттуу үйлөр курулуп калат деп таң калабыз. Жылдар өтүп, ал жер кароосуз калат, ал эми курулуш компаниялары өз аракетин баштайт. Жалпыга жеткиликтүү спорт аянттарынын жоктугунан жарандар каражат төлөп, жеке аянттарда спорт менен машыгууга аргасыз болууда. Спортко кошумча каражат таппагандар физикалык активдүүлүк тууралуу ойлонууга мүмкүндүгү жок калат. Бүгүнкү күндө спорт – бул коммерциялык түшүнүк. Мурда мунун баары жеткиликтүү болсо, эми аны акча аркылуу чечебиз. Мындай абалда калктын дене-тарбиялык даярдыгы тууралуу сөз кылууга мүмкүн эмес», – деп белгиледи ал.

Кеңешменин жйынтыгы боюнча 2021-жылдын март айынын соңуна чейин төмөндөгүлөрдү аткаруу тапшырылды:

– бардык спорт аянттарын жана залдарды инвентаризациядан өткөрүү, спорт объектилерин куруу жана ремонттоо зарыл болгон объектилердин тизимин даярдоо;

– балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында сунуштарды киргизүү;

– 2021-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте мектеп спортун өнүктүрүү боюнча «Мектеп лигасы» биргелешкен долбоорун ишке киргизүүсү;

– спортту өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүү;

– 2021-жылдын март айынын соңуна чейин балдардын машыгуусу үчүн мектептердин жана мамлекеттик агенттиктин машыктыруучулары менен өз-ара аракеттешүүнү калыбына келтирүү механизмин даярдап чыгуу;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик, же муниципалдык менчиктеги спорттук обьектилерге карай балдардын акысыз түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу.

Видео - Бишкек ШИИБнин жаңы жетекчиси Бакыт Матмусаевдин спорт менен машыгып жаткандагы видеосу тарады

Социалдык тармактарда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы дайындалган жетекчиси Бакыт Матмусаевдин спорт менен машыгып жаткандагы видеотасмасы тарады.

“Dasmia_fitnessclub” инстаграм баракчасында жарыяланган сүрөттөргө караганда, өткөн жумада спорттук клубда мелдеш өткөрүлгөн. Катышуучулардын арасында Бишкек ШИИБнин жетекчиси Бакыт Матмусаев да болгон.

Мелдештин эрежеси боюнча, катышуучулар алты көнүгүүнү катары менен аткарышы керек болчу. Эң оор сыноо – бул кайык менен сүзүү болгон.

Бакыт Матмусаев 1968-жылы туулган. 53 жаштагы жетекчи мыкты физикалык формага ээ экенин видеотасма далилдеп турат.

Белгилей кетсек, Матмусаев 2021-жылдын 15-февралында Бишкек ШИИБнин башчысы болуп дайындалган, буга  чейин ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген.

Фото - "Беш сары" спорттук клубунун балбаны Белоруссиядагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду

Белорусияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча “Open Lida” эл аралык турниринде Кыргызстандын намысын коргоп барган “Беш сары” спорттук клубунун балбаны, 2004-жылы туулган Арсен Жекшенов 65 кг салмактагылардын арасында алтын медаль утуп, биринчиликти жеңип алды. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, “Беш сары” спорттук клубунун негиздөөчүсү жана президенти болуп КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев саналат.

Фото - Өлкөнүн "Алыш" белбоо күрөшү боюнча чемпионатында депутат Камчыбек Жолдошбаевдин "Беш сары" спорттук клубу 4 алтын медалды утуп, биринчиликти жеңип алды

Акыркы күндөрү Бишкектеги Спорт сарайында өткөн Эркектер жана аялдар арасында “Алыш” бел боо күрөшү боюнча (эркин жана классикалык түрлөрү) Кыргыз Республикасынын чеспионатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин “Беш сары” спорттук клубунун балбандары 4 алтын медаль утуп, командалар арасында биринчиликти жеңип алышты. Бул тууралу “Беш сары” спорттук клубунун басма сөз кызматы билдирет.

Республиканын чемпионатынын жыйынтыгы менен “Беш сары” спорттук клубунун балбандары дүйнөлүк чемпионатка 4 жолдомо утушту.

Алар: 70 кг салмактагы балбан жигиттердин арасында 2001-жылы туулган Бекмамат Бейшенов, 76 кг салмактагы кыздардын арасында 1989-жылы туулган Нагира Сарбашева, 100 кг салмактагы жигиттердин ичинен 1987-жылы туулган Акылбек Төрөбеков жана 1990-жылы туулган Кадыр Келсинбековдор болушту.

Times: Жапония 2021-жылы өтө турган Олимп оюндарын жылдырууга ниеттенүүдө

Жапон бийлиги пандемияга байланыштуу Токиодогу Олимпиада оюндарын жылдыруу керек деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу Times өкмөттөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, жапон бийлиги “жүзүн сактап калуу менен” бул чечимди дүйнө жүзүнө жарыялоо жолдорун издеп жатат. “Эч ким бул тууралуу биринчи үн каткысы келбейт, бирок баары Олимпиада өткөрүү оор болорун түшүнүп турат”, – деген басылманын булагы. Мындай бүтүм кабыл алууга пандемиянын кышкы толкуну себеп болду.

Жапон өкмөтүнүн башкы катчысынын орун басары Манабу Сакаи бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ошол эле маалда ал жапон өкмөтү чет өлкөлөрдөгү кырдаалды эске алып жатканын, мелдеш тууралуу кайсы бир учурда акыркы чечим кабыл алынарын белгиледи. Ага чейин Токио 2021-жылы жайында Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн даярдык көрүп жатат.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах азырынча Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарын жылдыруу жөнүндө кеп жок экенин айтты.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек болгон. Пандемияга байланыштуу ал 2021-жылга жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню