Menu

СПОРТ

Казакстан Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Германияны жеңди

Латвияда өтүп жаткан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Казакстан курама командасы Германияны 3:2 эсебинде жеңди. Бул – казакстандык хоккейчилер дүйнө чемпионатынын элиталык тобунда үч жолу жеңишке жеткен алгачкы учур.

Курама команда буга чейин Латвияны жана Финляндияны жеңип алган. АКШ курамасынан 0:3 эсеби менен утулуп калган.

Ушул тапта казакстандык хоккейчилер өз тайпасында Германия, Латвия, Финляндиядан кийин жети упай менен төртүнчү орунда турат.

Казакстан алдыда Канада, Италия жана Норвегия менен беттешке чыгат. Плей-оффто төрт мыкты команда ойнойт.

Казакстан курамасын «Барыс» спорттук клубунун башкы машыктыруучусу Юрий Михайлис жетектөөдө. Курамага канадалык Жесси Блэкер, Кёртис Волк, Даррен Дитц, швециялык Виктор Сведберг кирет. Алардын баары тең казак жарандыгын алышкан.

Казакстан шайбалуу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын элиталык дивизионуна 1993-жылдан бери сегиз жолу катышып, бирок тайпалык этаптан ары аша алган эмес. Команда 1998, 2006-жылдары кышкы Олимпиада оюндарына катышып, бирок плей-оффко илинбей калган. Кышкы Азия оюндарында 1996, 1999, 2011, 2017-жылдары чемпион болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда Улуттук паралимпиадалык комитет түзүлөт

Өзбекстанда Улуттук паралимпиадалык бирикменин базасында Улуттук паралимпиадалык комитет жана анын аймактык бөлүмдөрү түзүлөт. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Ага ылайык, 2021-жылдын аягына чейин Паралимпиадалык комитеттин алдында спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча клубдар, Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинде Паралимпиада факультети, ошондой эле Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча адистерди даярдоо институту ачылат.

Мындан тышкары 2021-2022-окуу жылынан тартып Өзбек мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетинде жана анын Нукус, Фергана шаарларындагы өкүлчүлүктөрүндө, ошондой эле башка тиешелүү жогорку билим берүү мекемелеринде «Паралимпия» кафедралары түзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Токиодогу дарыгерлер биримдиги бийликти Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды

Жапониядагы медицина кызматкерлеринин абройлуу биримдиги өлкө бийлигин Токиодо өтүшү керек болгон жайкы Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды.

Катарында 6 миңге жакын тез жардам кызматынын жумушчусу бар Токиодогу дарыгерлер бирикмеси өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, баш калаадагы ооруканалар бейтаптарга толуп калганын белгилөөдө.

“Биз өкмөттөн Эл аралык олимпиада комитетине кайрылып, аны оюндарды өткөрүү оор экенине ишендиришин өтүнөбүз», — деп жазылган бирикменин жапон премьер-министри Ёсихидэ Сугага жолдогон ачык катында.

Буга чейин мындай тынчсызданууларын башка медициналык топтор менен коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер да билдиришкен.

Бүгүнкү күнгө карата жапон өкмөтүн Олимп оюндарын өткөрүүдөн баш тартууга чакырган онлайн-петицияга жүз миңдеген киши кол койду.

Коронавирус пандемиясынын кесепети башка мамлекеттерге салыштырмалуу азыраак сезилгенине карабастан, жапон өкмөтү өлкөдө эмдөө өнөктүгү жай жүрүп жатканына байланыштуу сынга кабылып келет. Азырынча Жапонияда калктын 3,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Айдын башында өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 31-майга чейин узарткан.

Премьер Ёсихидэ Суга вирустун жайылуусун токтотуу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлсө, Жапония эл аралык мелдештерди коопсуз өткөрө аларын билдирүүдө.

Былтыр өтүшү керек болгон Токиодогу жайкы Олимп оюндары пандемияга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз милициясынын генералы Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн марафондо күмүш байгеге ээ болду

15-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында 42 км 195 метр аралыкта чуркоо боюнча   «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону уюштурулган. Бул марафонго жакынкы жана алыскы 35 мамлекеттен келген  3000 ашык спортчулар менен спорт сүйүүчүлөр  катышкан. Аталган марафонго  кыргыз милициясынын ардактуу эс алуудагы ардагери, милициянын генерал-майору Киязов Кемелбек Абдыкадырович дагы катышты. Кемелбек Абдыкадырович 65 жаштан жогорку курактагылар  арасындагы категория боюнча күмүш байгеге ээ болду.   Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов жарыштын профессионалы болбогону менен чуркоону сүйүүчүлөр арасында жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келет. Учурда  ал 65 жашта. Ал 3 эл аралык деңгээлдеги марафондорго катышкан.

Жапон бийлиги Токиодогу Олимпиада оюндары болбой калышы мүмкүн экенин четке каккан жок

Жапон бийлиги Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары болбой калышы ыктымал экенин кыйытты. Бул тууралуу башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын башкы катчысы Тосихиро Никаи билдирди.

Никаинин айтымында, эгер коронавируска байланыштуу абал начарлап, COVID-19ду жуктургандардын саны көбөйсө, Олимпиада оюндарын өткөрүү өтө оор болот жана мелдешти токтотуу варианты каралышы мүмкүн.

Жапониянын эмдөө иштерине жооптуу коргоо министри Таро Коно “Асахи” телеканалына берген маегинде Токиодо Олимпиада жана Паралимпиада оюндары толугу менен көрүүчүлөрсүз өтүшү ыктымал экенин айтты. Буга чейин уюштуруучулар мелдештерди чет өлкөлүк күйөрмандарсыз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары былтыр болмок, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылдын июль айына жылдырылган.

Январда The Times гезити жапон өкмөтүндөгү булагына таянуу менен Токио пандемияга байланыштуу Олимпиада оюндарын токтотууну чечкенин кабарлаган.

“Жапон бийлиги “жүзүн сактап калуу менен” бул чечимди дүйнө жүзүнө жарыялоо жолдорун издеп жатат. “Эч ким бул тууралуу биринчи үн каткысы келбейт, бирок баары Олимпиада өткөрүү оор болорун түшүнүп турат”, – деген басылманын булагы.

Анда Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах азырынча Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарын жылдыруу жөнүндө кеп жок экенин айткан.

Апрелде Kyodo агенттиги жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Жапонияда респонденттердин 72% Токиодогу Олимпиада оюндарынын токтотулушун же кийинкиге жылдырышын каалай турганын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бишкектин жанында көк бөрү турнири өтүп, ага 14 команда катышты

Аламүдүн районунун Ленин айылында көк бөрү турнири болуп өттү. Бул тууралуу «Silk Way» индустриалдык паркынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир өнөр жай паркынын аймагында «Жибек Жолу» спорттук ат оюндарынын мектебине капсула салуунун жана курулуштун башталышынын урматына өткөрүлдү.

Спорттук ат оюндарынын мектеби 5,5 гектар аянтты ээлейт. Анда ат минүү, ат минип сейилдөөлөрдү уюштуруу, спорттук ат оюндары боюнча беттештерди жана көк бөрү мелдештерди өткөрүү сыяктуу бир катар оюн-зоок кызматтары сунушталат.

Оюндар «Silk Way» индустриалдык паркынын ипподромунда өттү. Мелдештерге 14 жамаат катышты.

Командалар Жогорку жана Биринчи эки лигага бөлүнгөн. Жогорку лигада 8 команда, Биринчи лигада – 6 команда чыкты. 

Турнирдин байге фонду 500 миң сомду түздү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча Жогорку лигада «Бөрүлү» командасы биринчи орунду, экинчини – «Соң-Көл», ал эми үчүнчү орунду «Мунар» командалары ээлешти.

Биринчи лигада оюндардын жеңүүчүсү «Амангелди» командасы болуп, экинчиликти – «Чыңгыз», үчүнчү орунда – «Хамитов» командалары алышты.

«Silk Way» индустриалдык паркынын башкы директору Адилет Кубанычбеков белгилегендей, «Жибек Жолу» спорттук ат оюндарынын мектеби эл аралык талаптарга ылайык салынган жана активдүү эс алуу, ат минүү жана ар түрдүү ат оюндары менен алектенүү үчүн ыңгайлуу жай болот. 

Ал «Silk Way» индустриалдык паркынын курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууда социалдык-маданий долбоорлор тууралуу эстен чыгарбоо керектигин кошумчалады. Төелефон, планшеттер ар кимде бар учурда, ат менен сейилдөө бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн жигердүү эс алуунун мыкты түрүнө айланат.

«Капсула салуунун урматына «Жибек Жолу» Кубогуна көк бөрү турнирин өткөрүлүүдө, аны жыл сайын өткөрүү пландалууда. Бул мелдештердин башкы максаты көк бөрү оюнун жайылтуу жана улуттук ат оюндарынын түрлөрүн пропагандалоо болуп саналат», – деди Адилет Кубанычбеков.

Эскерте кетсек, учурда Бишкектин жанында «Silk Way» индустриалдык паркынын курулушу жүрүүдө. 70 гектар аянтта жайгашкан индустриалдык парк өз ара байланыштагы бир нече секторлорго бөлүнгөн. Бул жерде: өнөр жай тармагы – “А” классындагы заманбап кампалары бар 75 завод жайгашкан. Даяр буюмдары, фурнитуралары жана кездемелери бар кеңири складдык имараттары бар соода-экспозициялык сектору. Саатына 40 жүк ташуучу унаа өткөрө алган бажы-логистикалык борбор индустриалдык парктын резиденттерине экспортко товарларын ыкчам тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун негиздөөчүсү – Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө кыргыз текстилдик жана тигүү продукцияларын экспорттоо боюнча лидер «Alpha Cargo» компаниясы болуп саналат. 

Бишкекте Кыргызстандын дзюдо академиясы ачылды

Кечээ, 9-апрелде, Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.
Иш-чаранын сыйлуу коноктору Мариус Визер, Обейд Аль Анзи жана Жолдошбек Колбаев кызыл лентаны кесип, Кыргызстандагы биринчи дзюдо акамдемиясынын ачылыш урматына карагай отургузушту.
Саламат Эргешов Мариус Визерди Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен сыйлады.
Мариус Визер Жолдошбек Колбаевге дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатын бийик деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана академиянын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетине көрсөтүлгөн сый үчүн ыраазычылык билдирди.
Обейд Аль Анзи өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда дзюдо академиясынын ачылышы бүткүл Азия дзюдо союзу үчүн чоң сыймык жана кубанычтуу иш-чара болуп саналат деп белгиледи: «Бул академиядан дзюдо боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондору чыгат деп ишенебиз. Мен ачылыш аземге өзүм катышып, кыргыз дзюдосунун тарыхындагы маанилүү окуянын катышуучусу болгонума кубанычтамын».
Ошондой эле иш-чаранын алкагында Мариус Визер мырза жана Обейд Аль Анзи мырза жаш дзюдочулар менен жолугушуп, аларга талыкпай машыгып, татаминин үстүндө да, жашоодо да ийгиликтерди багынтууну каалашты.
Белгилей кетсек, академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Аянты 3700 метр квадратка барабар академияда 8 татами комплектиси орноштурулуп, улуттук курама команда жана дзюдо менен машыгууну каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

АКШ өнөктөштөрү менен Бээжин олимпиадасына бойкот жарыялоо маселесин талкуулайт

АКШ өнөктөштөрү менен 2022-жылы Бээжинде өтө турган кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялоо маселесин талкуулоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Нед Прайска шилтеме кылып билдирди.

Прайстын айтымында, жамааттык негизде бойкот жарыялоо бир эле Вашингтондун эмес, анын саясий өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын да көздөйт. Прайс соңку мезгилде Кытай бийлигине карата жапырт түрдө адам укугун бузуу айыптары айтылып келгендиктен, Олимп оюндарына кандай мамиле жасалышы керек деген маселе талкууланып келе жатканын билдирди.

Прайс азырынча кандайдыр бир так мөөнөт тууралуу сөз жок экенин айтып, аталган эл аралык спорттук мелдештерге дагы убакыт бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Чжао Лицзянь Олимп оюндарын саясатташтыруудан алыс болууну эскертти.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах бул спорттук мелдештерге бойкот жарыялоого каршы экенин билдирген.

Буга чейин Европа Биримдиги уйгур баштаган мусулман азчылыктарынын укуктарын бузганы үчүн соңку 30 жылда биринчи жолу Кытайга санкция киргизген.

Канаданын төмөнкү палатасы Бээжиндин мындай саясатын «геноцид» катары тааныган.

Европада укук коргоочулар менен коомдук ишмерлер Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укугу бузулган учурларга көп көңүл бурушууда.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Данияр Көбөнов: "Чоң таймашуулар, сыноолор алдыда турат"

Жакында Бишкектен Америкада жашап, иштеп жүрөт деген кыргыздын атактуу балбаны,  грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер  Данияр Көбөнов мырзага жолугуп, кенен маектештик. Ал  Америкадагы жашоосу, алдыдагы бийик максаттары, учурдагы кыргыз балбандарынын чеберчилиги тууралуу кеп кылып берди.   

Данияр мырза, сизди Америка Кошмо Штаттарында жашап, ошол жакта иштеп жүрөт дешти эле. Бишкекке качан келдиңиз?

-Туулуп, өскөн мекеним Кыргызстанга  Америка Кошмо Штаттарынан келгениме эки ай болуп калды. Эл-жеримди сагынычым али дагы тарай элек. Досторум, жакшы санаалаштар менен жолугуп, черим жазылып жаткан учур. 

Учурда спорт менен да машыгып жүрөсүзбү? 

-Азыр мен грек-рим күрөшү менен алектенгенимди убактылуу токтотконум менен бул жерде да  башка профессионалдуу спорт түрүнө машыгуу иштери менен алек болуп жүрөм. Дагы кошумча англис тилин тереңирээк үйрөнүп, бизнес, ишкерлик кылганды да үйрөнүп жатам. 

-Америкада эмне менен алектендиңиз? 

-Америкада мен акыркы убакыттарда машыгуу иштери менен алек болуп, ал жерден дагы ишкерликти, бизнес кылганды үйрөнүп, кошумча окуп жаттым. Заманга жараша  азыр мен Америкада дагы болуп, Кыргызстанга дагы келип турам. Америкада менин досторум бар, кээде-кээде кызыкчылык үчүн штаттарды кыдырып, таанышуу үчүн жүк ташуучу чоң машиналарды айдап, досторго жардам берип койом.  Бирок бул эң маанилүү ишим эмес, ал жакта дагы машыгууларды жүргүзүп, чакан бизнес ишин баштап жатам. Бизнес кылуу үчүн, окуп, үйрөнүп, жакшы даярдык көрүш керек экен. Ошондуктан бул тармакта мен азыр турак үйлөрдү иликтеп, үй куруу боюнча ишкерликти үйрөнүп, кыймылсыз мүлк сатуу менен алектенем. Акча табуу, аны туура пайдалануу оңой-олтоң иш эмес экен. Жашоонун өйдө-төмөнү мени чыйралтты, чыңалтты, такшалдырды. Кагылып- согулуп, көп нерсеге көзүм жетти. Америкада жүрүп, жалкоолуктан арылып, көп мээнет кылууну үйрөндүм. 

Грин карта алдыңыз беле?

-Ооба, Америкада жашоого грин карта утуп алгам. Мындан 10 жыл мурда дагы барып, бир жылдан ашуун жашап, иштеп келгем. 

-Үй-бүлөө курган элеңиз. Келинчегиңиз дагы Америкада жашоону ылайык көрүп жатабы?

-Келинчегим Айгүл менен 2-3 жума Түркияда эс алып, азыр Бишкекке келгенбиз. Менимче азыр бул жерде болуп турабыз. Чукул арада көз жарганы турат. Наристе күтүп жатабыз. Ошондуктан өз үйүң, өлөң төшөгүң деп,  Бишкекке келдик. Келинчегимдин кесиби экономист, абдан зээндүү, жакшы таалим-тарбия көргөндүктөн ар дайым мени колдоого алып, түшүнүп турат. Кайын-журтумдун тамыры көлдөн болот. Бишкекте турушат. Кайын атам дагы спортту түшүнгөн, күрөш боюнча СССР спорт чебери болгон адам. 

– Биздин грек-рим күрөшү боюнча тандалма команданын мүчөлөрүнө дагы кеп-кеңеш айтып, тажрыйбаңды бөлүшүп жүрөсүзбү?    

-Биздин балдарга, жаш балбандарга кээде-кээде тажрыйбамды бөлүшүп, кеп-кеңештерди берип турам. Жакында өткөн быйылкы өлкөбүздүн чемпионатты  атайын барып көрдүм, жакшы таланттуу, шыктуу балдар өсүп келаткан экен. Албетте, кээ бир балдарга мен атайын кеп-кеңешимди берип, күрөш ыкмаларын үйрөтүп, кемчиликтерин жоюу жолдорун айтып берип турам. 

-Быйыл Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга кыргыз балбандарынан  грек-рим күрөшүнөн Атабек Азизбековдон башка дагы кимдер жолдомо алышы мүмкүн?

-Жакында апрелде Алматы шаарында Токио шаарында өтө турган олимпиада оюнарына жолдомо алуучу Азиялык турнир болот. Ошондо грек-рим күрөшүнөн  2 же 3 жигит жолдомо жеңип алышы мүмкүн. Эл аралык аренада таанылып келаткан дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Жоламан Шаршенбеков учурда табында экен, ушул жигиттин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгү бар. Ал өткөн жылдын декабрь айында Сербия өлкөсүндө өткөн дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылып койду.   Андан кийин 97 килограмм салмакта өлкө намысын татыктуу коргоп келаткан   Үзүр Жусупбеков  деген балбан өсүп келе жатат, анын тажрыйбасы жогорку деңгээлде. Ал Азия чемпиону болуп, жакында эле Украинада өткөн эл аралык турнирде дагы баш байгени утуп алды.  Анан Калы Сулайманов, Акжол Махмудовдун дагы келечеги кең.  Бүгүнкү күнгө чейин бул балдарды күч сынашууларга даяр сыяктуу көрдүм. Бирок, алдын ала айтуу кыйын. Алдыдагы күрөш, килем үстүндөгү таймаш көрсөтөт.  Бирок алардан сырткары дагы эки  жаш жөндөмдүү  балдар бар экен, алардын келечеги кең, өздөрүн кийинки чемпионаттарда көрсөтүшөт го деп ишенип турам. 

-Спорттук күрөш боюнча Айсулуу Тыныбековадан башка эр азаматтардан дүйнө чемпиону жок. Эмне үчүн ушундай бийиктикке жигиттер жете албай турушат?

-Чынында Айсулуу феномен, таланттуу балбан кыз. Кыргызды дүйнөгө, эл аралык аренага таанытып койду. Алыска чуркаган күлүктөй эле, намыска жарап, улам бир турнирлерди, дүйнө кубогун да утуп, табында келатат. Эми Токио олимпиадасынан байге утуп, олимпиада чемпиону болсо экен деп тилек кылып жатам. Анын мындай спорттук бийиктиктерге жетүүсүнө устаты Нурбек Изабековдун салымы тоодой. Кыздар, айымдар күрөшү дүйнө жүзүндө жаңыдан өнүгүп, кулачын кеңири жайып келатат. Айсулуунун жолун жолдогон кыргыз кыздарынан дагы дүйнө чемпиону чыгышы толук мүмкүн. Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу кыз балбандардан үмүт чоң.    

Келечекте Айсулуу сыяктуу  күрөшпү же башка спорт түрүнөнбү дүйнө чемпиону чыгыш керек.  Бирок бизде эр азаматтардан андай чемпион азырынча жок. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери эркек жигиттер арасында бокс, грек-рим, эркин күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика жана башка олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча бир да дүйнө чемпиону жок. Муну ачык эле айтып, моюнга алып, намыстанып, аракет кылышыбыз керек. 

-Сиздин деле дүйнө чемпиону болууга мүмкүнчүлүгүңүз бар беле? Эмне себептен дүйнөлүк бийиктикке жетпей калдыңыз? Арман кыласызбы? 

 – Генерал болууну эңсебеген жоокер болбойт, дегендей бардык спортчу дүйнө чемпиону болсом деп тилек кылат.  Мен дагы дүйнө чемпиону болсом деп, аракет кылдым. Бирок,  талбай машыгуу, тер төгүп, мээнет кылуудан сырткары дагы таасир эткен факторлор, жагдайлар болот экен. Кээде калыстар калыстыктан тайып, чоң таасирдүү мамлекеттердин көзүн карап, кендириңди кесип, жолуңду тосуп коет экен.  Мен  2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү болуп, коло медаль таныгдым.  Эми өзүм жөнүндө айта кетсем, мен дүйнө чемпиону боло алмакмын. Мен өзүмдүн кемчиликтеримди билем,мага бир аз гана жетпей арманда калдым. Лондон Олимпиадасынын алдында салмагым 84 килограмм болуп, дээрлик 10 килограммга толуп кеткен элем. Анан салмак кууйм деп ички энергиямдын баарын берип салдым. Тамак-аштан өзүмдү чектеп диета кармадым, бирок негедир салмагым жогорулап кетти. Жеңилишиме өзүм күнөөлүүмүн. Күнөө өзүмдө гана болду. Кээде чектен ашыра күч-кубат жумшап, катуу машыгып алып, кайра калыбыма келеалбай калган учурлар да болду.
Азыр көп нерсеге көзүм жетти. Эгерде азыр күрөшсөм мен башкача даярдык көрөт элем. Бирок бизге дүйнөлүк деңгээлдеги кеп-кеңеш берип турган  адис жетпей жатат. Мен грек-рим күрөшүн гана мисал кылып айтайын. Дүйнөлүк деңгээлдеги адистер командасы иштеген  Орусия же ошол эле Иран,  ошол эле Азербайжан, Кытай, Түштук Корея өлкөлөрүндө дүйнө чемпиондору бар. Бизге ошол мамлекеттердегидей дүйнөлүк адистер, устаттар жетишсиз болуп, аксап турабыз. Биздин деңгээлибиз кичине жетип, жетпей, бир аз чийки болуп турат. Чынында  дүйнө чемпионатынын байге ээлери бар, дүйнө чемпионатынын финалына чейин барып, бир тепкич жетпей турабыз. Ошондой эле Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло медалдарын уткан балбандарыбыз бар. 

-Эмне себептен биздин балбандарга бир кадам жетпей жатат? 

-Анткени бизге ошол жетишпеген жактарды талдоого алып, майда деталды бизге дүйнөлүк  деңгээлдеги машыктыруучу, адис айтып, кеңеш бериши керек эле. Алар жөн гана машыктыруучу эмес, консультант катары келип, бизге килемде даярдык көрүп жатканда кеп-кеңеш берсе ошондо биздин жигиттер дүйнө чемпиону болмокпуз. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар айына 5000 АКШ доллар айлык акы алышат. Бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Эгер 5000 долларды мамлекетибиз  төлөй турган болсо, кийинки учурда дүйнө чемпионун чыгарсак болот. Азыркы учурда грек-рим күрөшү тууралуу маалымдай кетсем, бизге дүйнөлүк деңгээлдеги адис машыктыруучу келиши керек да. Биздин устаттар деле келечекте дүйнөлүк чемпиондорду өзүбүз эле чыгарабыз деп көп жылдан бери айтып келе жатат, бирок эгемендик алганы 30 жылдан бери тарбиялай элек. Бул жагдайды алар  өздөрү терең ойлошу керек. 

-Дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучудан сырткары дагы спорттук медицина, фармакология дагы спорттук көрсөткүчтөргө таасирин тийгизеби? 

-Чынында  дүйнөлүк чемпион наамына биздин деңгээлибиз жете элек, ал үчүн эч кандай фармакология жана  спорттук медицинанын кереги жок. Алар бир аз гана көмөкчү болушу мүмкүн. Бизде таланттуулар көп, бирок мен дары-дармек менен күч-кубаттуу болот деген пикирге анчалык кошула бербейм. Табигый экологиялык таза азыктар жетиштүү болот.  Фармакология жана витаминдер менен чемпион болуу жетишсиз. Мисалга Куба өлкөсүнүн балбандарын, спорт мектептерди көрсөңүз керек, аларда эч нерсе жок, аябай кедей мамлекет.   Куба өзү биздей жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Спортчулары кесипкөй болбой эле, олимпиада, дүйнө чемпиондору  такси айдашат, май куюуучу жайларда, курулушта иштешет” дейт. Алардын биздикиндей укмуш фармакологиясы, спорттук медицинасы жок. Эч кандай дары-дармек, витамин колдонбой эле, аларда Олимпиада жана дүйнө чемпиондору чыгып жатпайбы? Эң негизгиси дүйнөлүк деңгээлге жеткен өздөрүнүн машыктыруучулары, адистери жана спорттук мектептери бар. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүп, билимдерин жогорулатып, окуп-үйрөнүп, изилдеп, иликтеп турушкан үчүн натыйжа болууда. Чемпиондорду чыгарган устаканадай, фабрикадай эле системалуу иш алып барышат. 

– Америкалыктардын спортко көз карашы кандай экен. Алардан эмнелерди үйрөнө алдыңыз?

 -Америкалыктар ден соолугуна өзгөчө маани берген калк экен.Спорт менен машыгып, ийгиликтерге жеткен жаштарга окуудан жеңилдиктер берилип, кепилдик болот экен. Америкада жашаган  адамдар көп эмгектенишет.Спортчуларды да баалап, барктап, урматтап турушат. Биздин балдар күнүгө эртең менен 2 саат, түштөн кийин 2 саат машыгышса, ал жакта биздин балдардан эки эсе көп 8-10 саат машыгууга убакыт жумшайт экен. Америкада күрөш эмес, башка спорт түрлөрү да жогорку деңгээлде өнүккөн. Ошол эле бокс, азыркы UFC чемпиондору: Тайсон, Мухаммед Али, Мэнни Пакьяо залкар спортчулар чыккан. Ал жакта көп эмгек кылат экен. Ал жактан ошол күжүрмөн эмгекти, мээнет кылганды үйрөндүм. 

Ошондуктан бизден олимпиада, дүйнө чемпионун чыгарабыз десек анда дүйнөлүк машыктыруучуну алып келишибиз зарыл. Мен муну өзүмдүн жон терим менен билген спортчу катары айтып жатам. Келечекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика жана башка спорт түрлөрүнөн дүйнөлүк чемпионду чыгарабыз десек, анда бизде тажрыйба жетиштүү болушу керек. Эгер  мен айткандай дүйнөлүк адистерди алып келбесе, анда чыгышы кыйын. 30 жылдан бери бир да дүйнөлүк чемпион жок. Муну деген бүткүл мамлекет жетекчилери ойлонушу керек. Бизге эл аралык деңгээлдеги адистер жетишпей жатат. Же чет өлкөлөрдөгү спорт борборлорунан, белгилүү мектептерден окуп, ошол жакта иштеп, тажрыйба топтоп келишибиз керек. Ал үчүн бир топ жыл убакыт зарыл. Дүйнөлүк спорт бизди карап отурбай, дагы алдыга кеткен поездей өсүп-өнүгүп кете берет.

Эгемендүү өлкө болгону спорт тармагынын статусу улам кичирейип баратат. Мурда өзүнчө министрлик, анан мамлекеттик комитет болсо, кийин дагы кичирейип малекеттик агенттик болгон эле. Жакында дагы кыскарып, маданият министрлигинин карамагына кошулду. Бул өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?    

-Спорт тармагына мамлекет өгөй баласындай мамиле кылып келеатат. Сиз айткандай улам статусу, даражасы кичирейип, бюджети кыскарып баратат.  Менимче маданият өзүнчө бөлөк болушу керек. Маданият менен спорттун өзгөчөлүктөрү, айырмасы асман менен жердей. Спорт менен маданият эки башка түшүнүк, эки бөлөк тармак. Бир арабаны эки атка чексе болот. Бизде тескери болуп, бир чабал атка эки арабаны чегип алгандай эле кеп болуп калды.  Спорт Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткандан кийин өзүнчө болушу зарыл эле. Саясатка аралашкым келбейт. Бирок, спорт Кыргызстан үчүн кандайдыр бир өзүнчө өзгөчөлүгү, милдети бар тармак болуп эсептелет. Маданият министрлигине кошуп, спортчулар маданияттуу, тарбиялуу болсун дегени жакшы. Бирок Кыргызстандын желеги президент чет өлкөгө расмий сапар менен барганда жана спортчулар дүйнө, Азия чемпионаттарын, Олимпиада оюндарында жеңгенде гана өлкө желеги обого бийик көтөрүлүп, Гимн ойнотулат. Ошондуктан спортту өнүктүрүүгө  мамлекеттик деңгээлде салым кошуп, камкордукка алып, шарт түзүү зарыл. Учурда коңшу  Казакстан жана Өзбекстандан ат чабым артта калып жатабыз.  Ал мамлекеттерде спорт тармагына жетиштүү каражат бөлүнүп, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Бирок бул жерде менин оюмча кеп акчада деле эмес,  алар адистердин деңгээлин жогору көтөрүп жатышат. 

Кээ бир машыктыруучулар мени жаман көрүп, “Данияр биздин колдон таалим-тарбия алып, суу ичкен кудугуна түкүрүп жатат. Өзүбүз эле машыктырып, дүйнө чемпионун чыгарабыз” деши да мүмкүн. Бирок, ачуу болсо дагы чындыкты айтышым керек. Мейли аларды машыктыруучу катары алып келбесек да кеңеш берген адис катары алып келишибиз зарыл.Бул үчүн атайын мамлекеттик программа иштеп чыгып, долбоор катары ишке ашыруу керек. Себеби, бул  мамлекеттик деңгээлдеги маселе, жетекчилер ойлонуш керек. Учурда олимпиада чемпионун чыгаруу бул эң маанилүү маселенин бири. 

Иниңиз дагы сиздин жолду жолдоп күрөшүп, өлкө намысын коргоп жүргөн эле. Азыр эмне менен алек болуп жүрөт?

-Иним күрөшпөй калган, ал азыр өзүнүн үй-бүлөсүн багууга аракет кылып, ишкерчилик кылып жүрөт. Андан башка бир да бир тууганым күрөшкөн жок. Мен беш бир тууганмын. Аларга баш көз болуп, жол көрсөтүп, үлгү болууга аракет кылып келеатам. 

-Спорттон тышкары эмнеге кызыгып жатасыз?

 -Спорттон тышкары мен бизнес, ишкерлик менен алектенем. Менин негизги кесибимдин бири-юрист болгондуктан бул тармакты үйрөнүш үчүн дагы көп окуп жатам. Ал үчүн насаатчылар дагы керек экен. Америкадагы досторум кеп-кеңештерди айтып, багыт берип турушат. Ал жактагы кыргыздар, башка улуттар менен да мамилем жакшы. Эң бакшысы спорттон кол үзгөнүм жок. Спорттун дагы бир түрү боюнча чоң таймашууларым, сыноолорум алдыда турат. Кыргызстанды дагы бир нече ирет таантып, дүйнө чемпиону болуу тилегимди орундатуу үчүн талбай машыгууларды өткөрүп, даярдык көрүп жатам. Ал спорттун кайсы түрү экенин кийин билесиздер. Азырынча табышмак, сыр болуп турсун. Спорт- бул менин жашоом, арманым, рахатым. Эркин күрөш, бокс, джиу-джитсу, эрежесиз эр кармаш менен дагы машыгып, спорттук табымды, формамды сактап жүрөм.

-Чын дилден жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Сизге чың ден соолук, ийгилик, жеңиш каалайлы. 

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы.

Артем Новиков: "Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды коюу керек"

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков өлкөнүн курама командаларынын спортчуларын 2021-жылкы эл аралык комплекстүү спорт оюндарына катышууга даярдоо; Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылы өтүүчү Азиянын спорт түрү боюнча  чемпионатын өткөрүүгө, ШКУ эл аралык марафонун жана Воллейбол боюнча кубогун  өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө спортчуларды даярдоо, каржылоо, 2021-жылы өлкө аймагында ири эл аралык турнирлерди өткрүүгө даярдык, ошондой эле башка актуалдуу маселелер боюнча маалымат угулду.

«Эгемендүүлүк жылдары биз мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай жана мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Учурда ал салтты жаш муундагы спортчулар улантууда. Ошондуктан биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Ал үчүн биз спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл», – деди Артем Новиков.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

– спорт түрү боюнча федерациялар менен биргеликте спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларынын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;

– Дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатын, ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорт түрү боюнча курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн финансылык каражатардын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;

– Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү жана сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;

– Жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргыз Республикасынын курама командалары үчүн окуу-машыгуу сборлорунун өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;

– Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;

– спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.

Меню