Бүгүн, 1-сентябрда КР президенти Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Одуракаев Бусурман Кожокуловичке “Кыргыз Республикасынын эл артисти” ардак наамы ыйгарылды.
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке ыйгарылды (каза болгондон кийин).
Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Өлкөдөгү бардык облустук телерадиокомпаниялар Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын карамагына өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, телерадиокомпаниялар КТРКга тиешелүү штаты, каржылык жана материалдык-техникалык базасы менен өтөт.
Мындан тышкары президент министрлер кабинетине КТРКнын кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жана корпорациянын техникалык модернизациясы үчүн каражат бөлүүнү тапшырды.
2022-жылы май айында Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК бренди) Улуттук телерадиоберүү корпорациясы болуп кайра түзүлгөн.
“Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-апрелде кабыл алып, президент ага 13-апрелде кол койгон.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КТРКга коомдук телеканал деген макам берүү өзүн актабаганын билдирген.
“КТРК чыныгы коомдук канал болгон жок. Көптөгөн кемчиликтер бар, функциялар аткарылган жок. Ошондуктан биз мамлекеттин идеалогиясын жана баалуулуктарын тараткан күчтүү мамлекеттик телеканал түзүүнү каалайбыз”, – деген министр.
Президенттин администрациясы өз кезегинде мыйзам редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалымат продукцияларынын сапатын жакшыртууга багытталанын белгилеген.
“Медиа Полиси” институту болсо мыйзам кабыл алынса, демократиялык принциптер жокко чыгарыларына тынчсызданган.
КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон.
КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон.
Кечээ, 23-июлда, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда чыгаан жазуучу, коомдук ишмер, Кыргызстандын баатыры Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгынын жана Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгынын урматына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанат массалык майрамдоо, ар кыл көргөзмө жана бир катар аймактардын командалары катышкан ат чабыш, аламан, көк бөрү жана башкалар менен коштолду.
Иш-чаранын катышуучуларына Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы жөнүндө “Пейил” прологу жана Советбек Жумадыловдун жашоосу жөнүндө фильм көрсөтүлдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен актер Советбек Жумадыловдун чыгаан эмгегин, ошондой эле алардын Мекен үчүн кылган кызматын белгиледи.
Салтанат эстрада ырчыларынын аткаруусу жана Кыргызстан менен Казакстандын төкмө акындарынын айтышы менен уланды.
Бишкекте “Манас айылын” реконструкциялоонун эскиздик долбоорун иштеп чыгууга жарыяланган ачык архитектуралык сынактын жыйынтыгы чыкты.
Бардыгы болуп 14 долбоор келип түшкөн, алардын үчөө калыстар тобунун жогорку упайына ээ болгон. Мындан тышкары дагы бир эмгекке үчүнчү орунду ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Сынактын жеңүүсүнө 1,5 млн сом, экинчи орунга 1 млн сом, үчүнчү орунга 250 миң сом төлөнүп берилет. Демөөрчүлөрдүн эсебинен каржылана турган акчалай сыйлыктын жалпы суммасы 37,6 миң долларды түзөт.
“Бишкекбашкыархитектуранын” маалыматына караганда, тандалган эскиздер тапшырык ээсине – президенттин иш башкармалыгына жөнөтүлөт. Ал жерде долбоорду ишке ашыра турган жеңүүчү аныкталат.
Президент Садыр Жапаров 25-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “Манас айылы” жаңыланарын айткан жана ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы “Ак үй” менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдаган.
Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы “Манас” этно-комплекси “Бишкек” эркин экономикалык аймагы” башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Тогуз гектарга жакын аянттагы комплекс 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган.
Казакстанда америкалык Pixar компаниясынын “Базз Лайтер” мультфильми прокатка чыкпайт. Бул тууралуу өлкөнүн маданият жана спорт министри Даурен Абаев билдирди.
“Көптөгөн жарандардын жана ЖМКлардагы суроолорго жооп катары Казакстандын аймагында “Базз Лайтер” мультфильми көрсөтүлбөй турганын билдирем”, – деп жазды министр “Фейсбуктагы” баракчасына.
Буга чейин айрым социалдык түйүн колдонуучулары Базз Лайтердин аял каарман менен бир секунддук өбүшүүсү ЛГБТны пропагандалоо экенин жазып, бийликти өлкө аймагында мультфильмди көрсөтүүгө уруксат бербөөгө чакырышкан.
Казакстанда “Базз Лайтерди” көрсөтүүгө каршы 25-июнда онлайн-петиция жарыяланып, ага 37,5 миң киши кол койгон.
14-июлда Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгы бул мультфильмдин көрсөтүлүшүнө каршы экенин билдирген.
Жаш космонавт Базз Лайтердин окуясын баяндаган мультфильм Казакстанда 14-июлда прокатка чыкмак. Буга чейин бир катар мусулман өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары “Базз Лайтерди” көрсөтүүгө тыюу салган. Андан соң мультфильмдин жаратуучулары “өбүшүү эпизодун” алып салышкан. Бирок батыш өлкөлөрүндөгү көрүүчүлөр авторлорду цензурага айыптагандан кийин кесилген сцена кайра кошулган.