Menu

Болот Шамшиев

Бүгүн кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Баатыры Болот Шамшиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты өтөт

Бүгүн, 5-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, СССРдин жана Кыргызстандын Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Толонович Шамшиевдин эстелигинин ачылыш салтанаты өткөрүлөт.
Болотбек Шамшиевдин ысымы Кыргызстан эле эмес бүт дүйнөгө кеңири таанымал. Анын чыгармачылыгы айтылуу “Кыргыз керемети” атка конгон ата мекендик кинематографиянын өткөн кылымдын 60-жылдарындагы  өнүгүшүндөгү феномен менен тыгыз байланыштуу. Ошол мезгилде жаш кыргыз режиссерлорунун эмгектери бүткүл союздук жана Эл аралык кинофестивалдардын чокуларын багынта баштаган.
Болотбек Шамшиев – “Манасчы” жана “Чабан” документалдык тасмаларынын, “Караш-Караш окуясы”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Бөрү зындан”, “Мергенчилер” көркөм тасмаларынын режиссёр-постановщиги. Болот Толоновичтин чыгармачылыгында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасамалар өзгөчө орунда турат: “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Фудзиямадагы кадыр түн”. Анын эмгектери ар кандай Эл аралык жана ата мекендик кинофестивалдардын жана мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Ачылышы күтүлүп жаткан эстелик “Кыргыздын керемет жаратуучусу” деп аталып, кинорежиссердун уулу Чыңгыз Шамшиевдин идеясы менен жаралган. Идеяны айкелчи Тамила Маматова жана Багдад Калчаев баштаган кыргыз чеберлери тарабынан ишке ашырылды. Айкелчи Болотбек Шамшиевди 40 жаш кезиндеги чагын сүрөттөйт. Дал ушул жаш курак кыргыздардын жашоосунда маанилүү учур болуп саналат эмеспи. Ал кезде адам өз өмүр жолу менен чыгармачылыгын аңдап-сезип түшүнүп, жаңы пландарды жаратат. Чебер колунда кыргыз элинин акылмандыгы менен духунун кенчи болгон улуу “Манас” эпосунун алгачкы басылып чыгарылган китептеринин бирин кармап турат.
Иш-чарада кинорежиссердун үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгы болгон “Ак Шумкар” ордени тапшырылат. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен чыгармачылыктагы бийик жетишкендиктери жана кыргыз элинин маданиятына кошкон баа жеткис салымы үчүн Болотбек Шамшиевге “Ак Шумкар” өзгөчө наамын тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Кинорежиссер Болотбек Шамшиевге каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссер, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке  ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Меню