Menu

Айбек Бузурманкулов

Айбек Бузурманкулов, экс-губернатор: ""Кумтөр" алтын кенинин 100% Кыргызстанга өттү дейли, бирок эмне себептен $6 млрд алтыны бар "Жерүй" алтын кенинин жок дегенде 50% Кыргызстанга өтө элек?"

Талас облусунун экс-губернатору Айбек Бузурманкулов Кемпир-Абад иши боюнча Бишкек СИЗО-1 абагында жатып, коомчулукка кат жазып кайрылган. Каттын текстин өзгөртүүсүз жарыялайбыз.
Жерүй аферасы жана Кумтөр аферасы (салыштыруу)
Жерүй алтын кениндеги Кыргыз Мамлекетинин үлүшү:
1) Кыргызалтын – 70%, Морисон Кнудсен – 30%
2) Кыргызалтын – 60%, Оксус – 40%
3) Кыргызалтын – 40%, Вертекс – 60%
4) Кыргызалтын – 0%, Альянс Алтын – 100%
Кумтөр алтын кениндеги Кыргыз Мамлекетинин үлүшү:
1) Кыргызалтын – 67%, Комеко – 33%
2) Кыргызалтын – 33%, Центерра(Комеко акция) – 67%
3) Кыргызалтын ~ 24 %, Центерра(башка акц-р) – 76%
4) Кумтөр алтын кени Кыргызстанга толук өттү, бирок Центеррада Кыргызалтындын үлүшү- 0%.
24% акций кимге, канча баада сатылганы белгисиз, коомчулукка ачык айтылган жок.
Мейли Кумтөр алтын кени тонолуп, мөңгүлөрүбүз талкаланып, экологиябыз кыйрап, уу калдыктарга ээ болуп, коррупционерлер жоопко тартылбай 30 жылдан кийин Кыргызстанга толук өттү дейли. Анда эмне себептен 6 млрд. доллар запасы бар, мамлекеттин 1% да үлүшү жок Жерүй алтын кени жаңы иштеп баштап жаткандыгына карабай Кыргызстанга жок дегенде 50% өтө элек???
Же Кумтөрдөй болуп 20 жылдан кийин алтын калбай, экология кыйраганда өтөбү?
Өзүбүздүн миллиарддаган доллар байлыктарыбызды чет мамлекеттик компанияларга тонотуп, кайра чет элден карыз сураганыбыз өтө уят иш.
Айбек Мырза, СИЗО – 1
27.02.2023

Кемпир-Абад иши: Айбек Бузурманкулов менен Али Шабдандын камактагы мөөнөтү узарды

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан активист Али Шабдан жана Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле күнү райондук сот активисттер Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов), Чыңгыз Капаровдун, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин, журналист Айданбек Акматовдун камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 20-февралына чейин узарткан.

Ушул эле иш боюнча Нурлан Асанбеков 20-февралга чейин үй камагында калган.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованын мөөнөтү 20-февралга чейин узарган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Меню