Menu

АКШ – Борбор Азия

Америкалык сенатор Борбор Азиянын үч өлкөсүнө киргизилген соода чектөөлөрүн жоюуга чакырды

Америкалык сенатор АКШ Конгрессин Борбор Азиянын үч өлкөсүнө карата киргизилген чектөөнү алып салууга чакырды. Бул түзөтүү 1974-жылы “кансыз согуш” учурунда бир нече мамлекеттерге карата кабыл алынган. Алардын арасында Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан да бар.

Эл аралык байланыштар комитетинин мүчөсү, сенатор-демократ Крис Мерфи (Chris Murphy) 26-июлда Diplomat журналына макала жарыялап, Жексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу – Борбор Азия мамлекеттери менен туруктуу соода алакасын түзүүгө мүмкүндүк берет деп жазган. Сенатордун айтымында, бул АКШ менен катар Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын да кызыкчылыгына жооп берет.

Крис Мерфи АКШ дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алып, Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кайра карап чыгышы керек деп эсептейт. Сенатордун пикиринде, АКШ четте турган маалда Орусия менен Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөргө таасирин күчөтүүдө.

АКШнын Соода жөнүндө мыйзамына түзөтүүлөрдү сенатор-демократтар Генри Жексон менен Чарльз Ваник киргизген. Ага ылайык, эмиграцияны чектегени үчүн советтик айрым өлкөлөргө соода санкциялары салынган. Кансыз согуштун калдыгы деп эсептелген жана ДСУнун эрежелерине карама-каршы келген түзөтүү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка бир катар мурдагы советтик мамлекеттерде дагы деле күчүн жогото элек. Кыргызстан 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенден кийин бул чектөөнүн алкагынан чыгарылган.

Блинкен: АКШ Борбор Азияга 25 млн долларлык жардам берет

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанадагы расмий сапарында Орусиядан көз карандуулукту азайтуу үчүн Борбор Азияга жардам берүүгө убада берди.

Казакстандын борборунда чөлкөмдүн беш тышкы иштер министри катышкан С5+1 саммитинде АКШнын Мамкатчысы Вашингтон 25 миллион доллар өлчөмүндө жардамдын жаңы топтомун берерин кабарлады.

Орусия Украинада жортуулун улантып жаткан маалда Блинкен Кошмо Штаттар Борбор Азия элдеринин суверендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн кубаттай турганын белгиледи.

Казакстан президентинин маалымат кызматы Касым-Жомарт Токаев Блинкендин сапарын чөлкөмдөгү өлкөлөр менен кызматташуудагы “кошумча импульс” деп атаганын билдирди.

C5+1 дипломатиялык саммити 2015-жылдан бери бир нече жолу өттү. АКШнын Мамлекеттик департаменти 27-февралдагы билдирүүсүндө бул жолугушууну “чөлкөмдүн ичиндеги жана Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташууну бекемдөөчү саммит” деп атады.

Астанадагы маалымат жыйынында Блинкен Кытай Орусияга аскердик көмөк көрсөтсө опурталдуу болорун дагы бир сапар эскертти.

Блинкен Астанага 28-февралга караган түнү барган. Казакстандан ал Өзбекстанга сапар тартып, андан ары “Жоң жыйырмалыктын” жыйынына катышуу үчүн Индияга учуп кетет.

USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорун жарыялады

5-октябрь, 2021-ж., Нур-Султан, Казакстан – Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда ишке ашырыла турган 19 млн долларлык жаңы беш жылдык долбоорду жарыялады. Жаңы долбоор буга чейинки жетишкендиктерге негизделип, аймактык соода, ишканаларды өнүктүрүү жана регионалдык байланышты күчөтүүгө багытталат.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу Ишенимдүү өкүлү Соната Коултер бул долбоорду кубаттап: “Борбор Азиянын кайрадан дүйнөлүк соода борбору болууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул долбоор Борбор Азиянын аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз товарлардын тезирээк жүгүрүшүнө жана жаңы рыноктордун ачылышына жардам берүү үчүн кыргыз өкмөтү жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз,” – деди.

Долбоордун алкагында үч стратегиялык максатка жетүү үчүн, USAID мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт. Биринчиден, бул долбоордун иши бажы жана чек ара процедураларын шайкеш келтирүү үчүн чыгымдарды азайтуу жана күтүү убактысын кыскартуу жана региондогу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. Экинчиден, долбоор өсүшкө түрткү бере турган жана инвестицияларды көбөйтө турган пайдалуу реформалар боюнча мамлекеттик жана жеке сектор ортосундагы диалогду жеңилдетет. Үчүнчүдөн, мындан тышкары, долбоор Борбор Азия чөлкөмүндө жана аймактан тышкары жайгашкан кызыктар болгон тараптардын транс ек аралык соода байланыштарын жогорулатууга өбөлгө түзүп бермекчи.

Меню