Menu

Алдамчылык

ИИМ: Бирөөнүн "Тойота Камри" машинасын $25.000 сатып качып кеткен алдамчы кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
Август айларында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге, борбор калаанын тургуну алдоо жолу менен мүлкүн ээлеп алып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2023-жылдын июнь айынын биринчи күндөрүндө, белгилүү бир жаран арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын кайра сатып берем деп, автоунаасын ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Келтирилген зыян 25 000 АКШ долларын түзгөн.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренесинин 3-б. (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар жаран аныкталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 1995-жылы туулган З.А. аттуу мурда мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кармалган.
Алынган маалыматтар боюнча, жогорудагы З.А. аттуу жаран алдоо жолу менен унаа алып, эртеси аны айрым адамдарга сатып жиберген. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери эки айдын ичинде эле аталган унаанын 4 ээси алмашкандыгын аныкташкан.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Абакта жатып, телефон аркылуу бирөөнүн 224.000 сомун алдап алган жаран кайрадан кармалды

Панфилов районунун 35 жаштагы тургуну ички иштер органдарына телефон алдамчыларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, өзү жеке ишкер, ун сатуу менен алектенет жана интернетте өз продукциясын жарнамалайт.
Июнь айынын ортосунда ага “lalafo” мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам байланышып, ири өлчөмдө ун сатып алууну көздөп жатканын айткан. Ал тез эле ишкердин ишенимине кирип, 8 тонна унду машинага жүктөтүп, Токмок шаарындагы башка кампага жөнөтүүгө көндүргөн. Кийин ун башка жарандарга сатылып, 224 миң сомду алдамчылар ээлеп алган.
Бул факты боюнча Токмок ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүшкөн.
Жакында алынган маалыматка караганда, ишкер белгисиз адам менен ундун ири партиясын ага берүү жөнүндө макулдашкан.
лдамчылыктын схемасы боюнча, алдамчы чыныгы сатуучу менен кардардын ортосунда ортомчу болгон. Жабырлануучу эч нерседен шек санабастан унду жөнөткөн, ал эми 224 миң сом акчаны алдамчы жөнөткөн таксист алган. Андан соң, таксист жогорудагы акча каражатын шектүүнүн эсебине которгон.
Бул алдамчылык аракети сатуучуга акча жетпей калгандан кийин аныкталган. Белгисиз адам ишкерлерди, айдоочуларды, кампа кызматкерлерин өз кылтагына илген.
Бул кылмыштын бетин ачуу максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жогорудагы алдамчылык фактыларына эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан жарандын тиешеси бардыгы аныкталган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ЖАКтын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн иштердин жыйынтыгы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында каракчылык үчүн соттолуп, жазасын өтөп жаткан жаран А.А. аныкталып, кармалды. Кармалган адам Токмок шаарындагы ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

ИИМ: Чүй облусунда алдамчылыкка айыпталып, жергиликтүү кеңештин депутаты камакка алынды

ИИМдин тергөө кызматына Чүй областынын Достук айыйлыны тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын аракети боюнча арызын кароо өтүнүчү менен кайрылышкан. Маалым болгондой, айылдык кеңештин депутаты суу өткөрөбүз деп тургундардан 3500 сомдон акча чогултуп алган. Бирок, тургундар аткарылган иштерге нааразы болгон – түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган. Сууну чыгарганга “И.К.”  аттуу жеке компания жооптуу болгон.
Маалыматтарга караганда, демөөрчү катары бир фонд дагы чыккан. Ишти “И.К.”  аттуу жеке фирм жүргүзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштерин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.
Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жаран буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын үстүнө учурда башка кылмыш иши боюнча айыпталууда. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда. Келтирилген чыгым такталууда. Аталган маселе боюнча жарандарда суроолор же арыздар боло турган болсо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар. 0312 36-35-23, 36-35-27

ИИМ: Мурунку сүйлөшкөн кызынын жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн элге жарыялайм деп коркутуп, ай сайын акча алып турган жигит кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, жеке мүнөздөгү материалдарды коомчулукка таратам деп коркутуп, көптөн бери акча каражатын талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, мурунку жигити жеке мүнөздө түшкөн сүрөттөрүн коомчулукка жарыялайм деп коркутуп, көптөн бери акча талап кылып жүргөн.
Көрсө, ал кыз 2022-жылдын ноябрынан баштап сүрөттөрү ачыкка чыгып кетишинен коркуп, көп убакыттан бери акча каражатын которууп турган, ал эми опуза талап кылган адам 5 ай бою акча каражатын айлык катары тынымсыз алып келген. Акыры кыз мындай опуза талапка чыдабай, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрылган.
Арыз Россия Федерациясынын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Троицкий жана Новомосковск административдик округу боюнча Ички иштер башкармалыгына (ТжНАО) катталган.
Ушул жылдын 28-апрелде РФ ИИМнин ТжНАОнун башкы башкармалыгы жана РФ ИИМдин КИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын негизинде, 2001-жылы туулган, Чүй облусунун тургуну Д.Р. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, ал опузалап акча талап кылган мыйзамсыз аракеттери үчүн айыпталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү ушундай жол менен опузалап 66000 рубль акча каражатын алган.
Учурда, РФ Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылууда.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү жарандарды кыраакылыкка жана сергек болууга, алдамчылардын айла-амалдарына алдырбоого чакырып, барган мамлекеттин мыйзамдарын бузбоону катуу сунуштайт.
Жарандардын укуктары бузулган учурда Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнө телефон аркылуу кайрылса болот.

УКМК: Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басарына алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директорунун орун басары Ж.М. тарабынан алдамчылык фактылары аныкталды.

Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү накталай акча каражатын ээлеп алганы аныкталды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Ноокенде бирөөнүн 600.000 сом акчасын алдап алып, бербей жүргөн алдамчы кармалды

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Россия Федерациясынын Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын октябрь айында “Эдик” аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 (жети жүз миң) рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” – деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материал 2023-жылдын 23-февраль күнү Ноокен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында “Эдик” аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-ж.т. тургуну С.А. экендиги такталган. С.А. 2023-жылдын 23-февраль күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Алдамчылыкка” шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу адвокат Айбек Өмүров билдирди.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди 24-январда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (“Алдамчылык”) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылганы кабарланган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштери тууралуу бөгөт чарасы каралган учурда (26-январда) комментарий берген эмес. Парламенттин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун арызынын негизинде кармалганын гана ырастаган.

ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Экс-вице-премьер Жеңиш Разаков экс-депутат Арзыбек Буркановдун 1.000.000 АКШ долларын алдап алып, бербей койгондугу үчүн камакка алынды

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1.000 000 АКШ долларын алган факты боюнча  козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.
2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына жаран Б.А.  кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 000 000  АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.
2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык)  менен иш козголгон.
ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Редакциядан: Биздин жеке булактардын айтымында арыз берген Б.А. – бул экс-депутат Бурканов Арзыбек.

ИИМ: Кыргыз жарандарынын 1 млн 283 миң АКШ долларын алдап кеткен "Финико" каржы пирамидасынын жетекчиси Грузиядан кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги каржы кылмышын жасаган жарандарды, каржы алдамчылыгы үчүн издөөдө жүргөндөрдү жана соттон качып чет өлкөдө изин жашырып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча иштери жүргүзүп жатат.
Кыргызстандагы Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Грузиянын Интерпол (Тбилиси) Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран 1973-жылы туулган  Э.М. (аял киши) кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда.
Жаран Э.М. учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири – “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15 ашык филиалын ачкан (ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран Э.М. болгон).
Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100 ашык жараны 1 283 000 АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары,  жаран Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.
Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы  2019-жылы Россиядагы шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 % жогорку кирешени убадалаган.  Россияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.
Ички иштер министрлиги эскертет, чоң кирешени убада кылган шектүү компанияларга ишенбеңиздер. Ак эмгегиңиз менен тапкан акчаңызга кам көрүңүз, күмөндүү салымдар үчүн аманаттарды берип, үй-бүлөңүздүн жыргалчылыгын тобокелге салбаңыз.

Ысык-Көлдө бирөөнүн 235.000 сомун жана 4000 долларын карызга алып, 10 жылдан бери кайтарып бербей жүргөн алдамчы "Манас" аэропортунда кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрель күнү Жети-Өгүз РИИБне 1964 жылы туулган Каракол шаарынын К. Б. аттуу жараны арыз менен  кайрылып, 2012-жылдын февраль айында Жети-Өгүз районуна карштуу Оргочор айылынын 1987-жылы туулган К.У. аттуу тургуну ишенчине кирип, Бишкек шаарындагы үйүнүн документин, 4000 АКШ доллар жана 235 миң сом акча каражатын алып, 10 жылдан бери кайтып бербей келгенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси алышып-беришүү процесси Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылында болгондугун кошумчалаган.  

Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, окуя Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында орун алгандыктан, арызды текшерүү Ак-Суу РИИБне өткөрүлүп берилип, КЖКнын 209 (алдамчылык) берененсинин негизинде кылмыш иши козгологон. 

Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, аны  25-октябрь күнү Манас аэропортунан башка өлкөгө кетип бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. 

Шектүү, алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алган.  Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата, 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. 

Тергөө амалдары уланууда. 

Меню