Menu

Балык браконьер

Ысык-Көлдө моторлуу кайык менен мыйзамсыз балык кармап жүргөн 21 жаштагы тургун кармалды

Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча масштабдуу рейдтик иш-чара өтүүдө.

Аталган рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 даана мыйзамсыз кармалган балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Бул факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди. 

Алардын корунтундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

Ысык-Көлдүн Тосор айылында 87 даана чабак балыгын мыйзамсыз кармаган браконьерлер кармалды

Браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын сууларында эс алуу жана спорттук балык уулоо эрежелерин сактоо максатында Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында бир катар рейддик иш-чаралар белгиленген. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

18-май күнү, аталган рейддик иш-чара Тоң районунун аймагында болуп өттү. Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштеринин жүрүшүндө, Бөкөнбаев айылына жакын жердеги «Рыбзавод» участкасынан эле, туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери бир чакырымдай узундуктагы 10 браконьерлик торлорду алууга үлгүрүштү.

Мындан тышкары, ушул эле участкадан мыйзамсыз балык уулоо учурунда Төрт-Күл айылынын 40 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну кармалды. Андан 1 резина кайык, жалпы узундугу 350 метрди түзгөн 6 даана балык уулоочу тор жана 16 даана «Чабак» балыгы алынды.

Аталган факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын дагы бир тобу Жети-Өгүз районунун аймагында рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери Тосор айылынын жанынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен жергиликтүү тургундар 40 жаштагы К.Э. жана 35 жаштагы О.Т. кармашты. Алардан резина кайыгы жана мыйзамсыз  кармашкан, 87 даана «Чабак» балыгы далил зат катары алынды.

Бул факты дагы Жети-Өгүз РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын уулоо жана олжолоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Материалдык зыянды аныктоо максатында чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Рейддик иш-чаралар уланууда.

 

Ысык-Көлдө форель, сига, чабак, судак балыктарын кармашкан браконьерлер колго түшүрүлдү

Жети-Өгүз районуна караштуу Кирпичный айылынынын көл жээгинен Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен, Кызыл-Суу айылынын тургундары 1984 ж.т.  Б.А. жана 1978 ж.т. К.А. аттуу жарандар кармалган. Далил заттары 10 даана сига, 11 даана форель, 20 даана чабак жана 2 даана судак балыктар, 70 метр кытай синтетикалык тору жана                           1 мотор жел кайык алынып, Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. 

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 310-чу беренисин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат.  

Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери  мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү максатында, жер жерлерде тынымсыз текшерүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет.

Меню