Жети-Өгүз районуна караштуу Кирпичный айылынынын көл жээгинен Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен, Кызыл-Суу айылынын тургундары 1984 ж.т. Б.А. жана 1978 ж.т. К.А. аттуу жарандар кармалган. Далил заттары 10 даана сига, 11 даана форель, 20 даана чабак жана 2 даана судак балыктар, 70 метр кытай синтетикалык тору жана 1 мотор жел кайык алынып, Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 310-чу беренисин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда иликтөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү максатында, жер жерлерде тынымсыз текшерүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ