Авто жууган жай автобазардын жанында жайгашкан. 10-ноябрда 03.30да тез жардамдын фельдшеринен ИИБиге автоунаа жууган жайдан боз баланын жансыз денеси табылганын айткан. Ыкчам топ окуя болгон жерге жетип барган. Ал 2003-жылы туулган Ноокат районунун Кеңеш айылынын тургуну болуп чыккан. Бул тууралуу 18-ноябрда Ош шаарныны ИИБисинин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.
Көрсө, 16 жаштагы бала өзүн жаман сезип, ошол жерден кулап түшкөн. Натыйжада дароо көз жумган. Ал Кеңеш айылындагы мектептин 11-классынын окуучусу болуп чыккан. Ата-энесинин айтымында, бала Ошко барып авто жууган жайда бир аз иштеп, акча таап келем деп кеткен экен. Ата-энеси баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, айылга алып кетип калышкан. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ