Menu

Баткен күчү лотереясы

УКМК: "Баткен күчү" лотереясын өткөргөндөр катышуучуларды алдап, автоунааларды жана башка байгелерди өздөрүнө ыйгарып алышкан

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-августунда уюштуруучусу КР жараны Х.у.Н. болгон, «Баткен Күчү» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын 25-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен облустук прокуратурасы менен биргеликте шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү иштерин жүргүзүштү.

Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду. 

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары алдамчылык ниетинен улам, автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чындыгында байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Азыркы учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Лицензиясы жок, 70 млн сомдук жүгүртүүсү бар «Баткен күчү» лотереясын бир нече жылдардан бери уюштуруп жүрүшкөн эргулдарга кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан облуста мыйзамсыз лотерея өткөрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз лотереялык иштерди жүргүзүп келген адамдардын тобу аныкталган. Ал эми лотерея билетинин баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин болгон. Ошол эле учурда бир эле турунда 2800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлктөр да ойнотулган.
Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жалпы жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын болгон.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, уюштуруучулар лотереядан автоунаа утуп алган делген талапкерлерди сүйлөшүү аркылуу өз тарабына тартууга барышкан, бирок иш жүзүндө алар утушкан байгелерин албай, муну менен башка катышуучуларды адаштырышкан.
Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик лотереяны уюштуруу иши лицензияланууга тийиш.
Учурда тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Меню