Menu

Евгений Пригожин

Евгений Пригожин куралдуу козголоңдон кийинки алгачкы кайрылуусун жарыялады

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин “адилеттик жүрүшү” аяктагандан кийинки алгачкы аудио кайрылуусун жарыялады.

Анын телеграм-каналына жарыяланган 11 мүнөттүк кайрылуусу качан жана кайсыл жерде жазылганы, ошондой эле учурда Пригожин өзү каякта экени белгисиз.

Билдирүүдө ал “вагнерчилер” орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгилеген. “Биз жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштадык”, – деген Пригожин.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Анын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, “ал Беларуска кетерин” билдирген.

Пригожинге “Куралдуу козголоң уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.

"Вагнердин" жоочулары Липецк жана Воронежден чыгып кетүүдө

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын куралдуу күчтөрү ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин кайда экени белгисиз.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, “Вагнердин” жоочулары аймак аркылуу “ырааттуу түрдө жана эч кандай маселе жаратпастан” чыгып жатат. Гусев “Вагнердин” аскерлери аймактан толугу менен чыгып кеткенден кийин жарандардын жолдордо жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтурууга чара көрүүнү убада кылды.
Липецк облусунун бийлиги “вагнерчилер” толугу менен аймактан чыгып кеткенин кабарлады. Облуста соңку кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып, транспортук кыймыл калыбына келтирилди.
Чеченстандын атайын күчтөрүнүн “Ахмат” батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы “атайын аскердик операция болгон аймакка” кайтып жатышат. Буга чейин “Ахмат” “Вагнердин” куралдуу козголоңуна каршы Ростовго жөнөтүлгөн, бирок ал келгенде кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилип калган.
Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, “Вагнердин” оор бронетехникасы 10 миң чарчы метр жолдун аянтын жарактан чыгарган. Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан Буденнов проспектиси эң көп зыян тарткан. Шаар бийлиги эки күндүн ичинде жолдорду оңдоп берүүнү убада кылды.
Липецк облусунда “Вагнердин” техникасын тоскоол болуу үчүн экскаваторлор менен жолдор казылган. Учурда ошол жолдорду дагы оңдоо иштери жүрүп жатат.

Меню