Menu

ЧВК Вагнер

Евгений Пригожин куралдуу козголоңдон кийинки алгачкы кайрылуусун жарыялады

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин “адилеттик жүрүшү” аяктагандан кийинки алгачкы аудио кайрылуусун жарыялады.

Анын телеграм-каналына жарыяланган 11 мүнөттүк кайрылуусу качан жана кайсыл жерде жазылганы, ошондой эле учурда Пригожин өзү каякта экени белгисиз.

Билдирүүдө ал “вагнерчилер” орус өкмөтүн кулатуу үчүн эмес, өздөрүн сактап калуу үчүн Москваны көздөй бет алышканын белгилеген. “Биз жүрүштү адилетсиздиктин айынан баштадык”, – деген Пригожин.

24-июнга караган түнү кезинде орус президенти Владимир Путиндин эң жакын адамдарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилерине каршы чыгып, “адилеттик жүрүшүн” баштаганын жарыялаган. Пригожин өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу баштаган аскердик жетекчилерди “Вагнердин” позицияларына сокку урду деп күнөөлөп, армия башчыларын жемкорлукка айыптаган.

“Вагнерчилер” Орусиянын Украинадагы согушунда жигердүү күчкө айланып, миңдеген кишиси набыт болду.

Анын “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орусиянын президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени кабарланды. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз. Анын Ростов-на-Дону шаарынан башталып, Москвага 200 чакырым жетпей барып токтоду деп айтылган жүрүшү соңку 20 жылдан берки Путиндин бийлигине урулган эң чоң сокку болуп калды.

Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулбай эле ФСБ тергөөнү улантып жатканы тууралуу 26-июнда орус басылмалары Башкы прокуратурадагы булактарына таянып кабарлады.

Жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Пригожинге каршы кылмыш иши токтотуларын, “ал Беларуска кетерин” билдирген.

Пригожинге “Куралдуу козголоң уюштуруу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын дүйшөмбүдө орусиялык бир канча басылма жазган.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Россиядагы "Вагнер" жоочуларынын аскердик козголоңу тууралу пикирин билдирди

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан Орусиянын бийлиги менен өлкөдөгү соңку окуялар боюнча сүйлөшө электигин билдирди.

Ал 26-июнда журналисттердин менчик аскердик компаниялардын тобокелдиктери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсө да алар мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек. Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага бардык күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо, аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок”.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов депутаттар жеке аскердик уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун жаза баштаганын айтканын кабарлашты.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтогон.

"Вагнердин" жоочулары Липецк жана Воронежден чыгып кетүүдө

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын куралдуу күчтөрү ишембидеги козголоң аракетинен кийин Липецк жана Воронеж облустарынан чыгып кетүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди. “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин кайда экени белгисиз.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, “Вагнердин” жоочулары аймак аркылуу “ырааттуу түрдө жана эч кандай маселе жаратпастан” чыгып жатат. Гусев “Вагнердин” аскерлери аймактан толугу менен чыгып кеткенден кийин жарандардын жолдордо жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынарын билдирди. Губернатор келтирилген зыяндын ордун толтурууга чара көрүүнү убада кылды.
Липецк облусунун бийлиги “вагнерчилер” толугу менен аймактан чыгып кеткенин кабарлады. Облуста соңку кырдаалга байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынып, транспортук кыймыл калыбына келтирилди.
Чеченстандын атайын күчтөрүнүн “Ахмат” батальонунун командири Апты Алаудиновдун айтымында, анын аскерлери Украинадагы “атайын аскердик операция болгон аймакка” кайтып жатышат. Буга чейин “Ахмат” “Вагнердин” куралдуу козголоңуна каршы Ростовго жөнөтүлгөн, бирок ал келгенде кырдаал сүйлөшүү жолу менен чечилип калган.
Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, “Вагнердин” оор бронетехникасы 10 миң чарчы метр жолдун аянтын жарактан чыгарган. Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан Буденнов проспектиси эң көп зыян тарткан. Шаар бийлиги эки күндүн ичинде жолдорду оңдоп берүүнү убада кылды.
Липецк облусунда “Вагнердин” техникасын тоскоол болуу үчүн экскаваторлор менен жолдор казылган. Учурда ошол жолдорду дагы оңдоо иштери жүрүп жатат.

Москва облусундагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө көмүлгөн борбор азиялыктар табылды

“Оздолик” радиосу Москва облусунда “Вагнер” жеке аскердик компаниясына таандык көрүстөндү тапты. Ал жакта камактагылар көмүлгөн. Арасында компаниянын катарында Украинадагы согушта өлгөн борбор азиялыктар да бар.

Бул көрүстөндө табылган борбор азиялыктардын баарын “Вагнер” компаниясынын өкүлдөрү орус түрмөлөрүнөн азгырып, Украинадагы согушка алып кетишкен.

Көрүстөндө орнотулган жыгач такталарда 2022-жылдын октябрь айынан кийин өлгөн кишилердин аты-жөнү жазылган.

Арасында бир нече өзбекстандык, кыргызстандык жана тажикстандыктар бар.

Маселен, “Маврино” көрүстөнүндө төмөндөгү кишилердин аты-жөнү жазылган такталарды көрүүгө болот:

Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);

Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);

Жанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);

Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);

Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);

Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).

“Оздолик” алардын айрымдарынын аты-жөнүн тактады.

46 жаштагы Боходир Жанибеков Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунда туулган. Ал Екатеринбургда жашап, иштеп жүргөн.

Адахамжон Гүламжанов кыргызстандык болгон. “Оздолик” жазгандай, ал 2019-жылы түрмөгө камалганга чейин Владимир шаарында жашаган.

2019-жылы Владимир облустук соту Гүламжановду ири өлчөмдө маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кескен.

“Оздолик” аныктаган дагы бир кыргызстандык Аман Айдралиев 2020-жылы июнда Людинов райондук соту аны денеге оор зыян келтирүү айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.

37 жаштагы тажикстандык Муродбек Саидов 2020-жылы орус түрмөсүнө түшүп, 2022-жылы ноябрдын соңунда өлгөн.

45 жаштагы Шухрат Юсупов да “вангерчилердин” көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал 2022-жылы июлда соттолуп, ушул эле жылы декабрда каза болгон.

Жергиликтүү жашоочулар “Маврино” көрүстөнүн жарандык форма кийген кишилер кайтарарын, бирок алар өздөрүн аскер кызматкерлери деп атай турганын билдиришти.

Меню