Menu

Коррупция

УКМК: Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды

КР УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Анын жүрүшүндө бажы кызматынын жетекчилери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан бажы кызматындагы ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтар алынган.

Ага ылайык Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттар түзүлгөнү, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлгөнү жана параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонулганы күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

УКМК: «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК, (КР Кылмыш-жаза кодексинин 2017-ж.) 319-беренесинин 1-пунктунда каралган айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталаган сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.

Белгилей кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери «Б.Б» жана «Ш.С.», Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы “И.Г.”, Нариман айыл аймагынын башчысы «Н.Х.», коррупциялык топтун мүчөсү «Н.Х.» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы «А.М.Ж.» кармалышып УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.

УКМК: Кара-Кулжа райондук “Кадастр” бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” коррупцияга шектелип кармалды

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплексин узак мөөнөттүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен “Кадастр” ММ Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу “А.М.Ж.” кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.

УКМК: Сот системасындагы көп сандаган коррупциялык схемалар ачыкка чыкты, 11 адам жоопко тартылды, 18,9 млн сом казынага төктүрүлдү

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иштердин негизги багыттарынын бири өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан сот системасын маанилүү, заманбап шарттарда санариптештирүү жана өнүктүрүү багытындагы иштерди жүргүзүүдө республиканын сот тутумундагы коррупция жана системалуу ири өлчөмдөгү уурдоо фактылары боюнча маалыматтар алынган.

Бул коррупциялык фактылар боюнча бир катар тиешелүү кылмыш иштеринин алкагында, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын жүрүшүндө сот тутумунун кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу келип түшкөн маалыматтар тастыкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, сот тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында каралган мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз өзгөчө ири өлчөмдө чыгаруу боюнча сот системасындагы коррупциялык схемалар аныкталды.

Коррупцияга Жогорку Соттун жетекчилигинин, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет Сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталды.

Жогорудагы адамдардын тобу «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Ошону менен катар, жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын “которуп алуу” менен коштолгон сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгон.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында, сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Белгилей кетсек, тергөө учурунда 18 миллион 988 миң 553 сом. материалдык чыгым аныкталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке толугу менен кайтарылды.

Азыркы учурда УКМК бул багыттагы иштери улантылып, сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

УКМК: Айыл чарба министрлигинин жетекчи кызматкерлери кармалды

КР УКМК ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча туруктуу иштерди улантууда, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган.

Ушул жылдын 26-октябрында КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин азыркы орун басарыны “М.И.”, ошондой эле министрдин мурдагы орун басары “И.А.С.” кармалып, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн өндүрүп алуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.

УКМК: Жалал-Абад облусундагы орто мектептин курулушунда ири өлчөмдөгү келтирилген зыян аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара жең учунан сүйлошүп алган фактысы такталды. 

Аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жашырышкандыгы, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.  

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

УКМК: Мамлекеттик чек ара кызматынын айрым жетекчилери коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Такталгандай, «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу астында системалуу түрдө чек арадан өтүп жаткан жарандардан, негизинен Өзбекстан Республикасынын жарандары жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды.

2021-жылдын 19-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө,  «Достук-унаажолу» текшерип өткөрмө пунктунун башчысы «А.Э.»,  КР УКМК Ош областы боюнча чек ара кызматынын  башчысы «Ч.Н.», жана ошондой эле КР УКМК чек ара кызматынын  Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары «К.Б.» кармалды. Баардык кармалгандар КР УКМК Ош областык жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

УКМК: Айыл чарба азыктарын экспорттоо жаатындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө айып тагылды

Кыргыз Республикасынын УКМК айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу жол -жоболорун талдоо учурунда айыл чарба  азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды.

Анын натыйжасында айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушууда.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле “Дордой Дыйкан” базарынын директору «С.Э.М» кармалып, жоопко тартылды.

Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

УКМК: Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын 15 млн сом уурдашкан жооптуу адамдары кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

Такталган боюнча, 2017-жылдан 2021-жылдын июнун айына чейинки аралыкта, Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом  өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган.

2021-жылдын 13-октябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ноокат шаарынын мэри “Н.Ж.А.” жана мурдагы спикер, азырку учурда Ноокат  шаардык кеңешинин депутаты “Г.А.М.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Ош облусунун Кара-Суу районунун “Кадастр” МИ мурдагы жетекчиси “Ш.С.” кармалды

КР УКМК Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,2021-жылдын 5-октябрында 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу районунун “Кадастр” МИ башчысы болуп иштеген жана бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болуп “Ш.С.” кармалган.

Кармалган жаранга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган.

2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Меню