Menu

Коррупция

УКМК: Абактагы Өмүрбек Бабановдун ден соолугу начарлаганына байланыштуу чет өлкөдө дарылануу үчүн камактан бошотулду

Мурда маалымдалгандай, Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда, экс-премьер-министр Ө. Бабанов кылмышка шектүү экендиги маалымдалып, камакка алынган. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Бирок, Ө. Бабановго карата камакта кармоо мөөнөтүн узартууну кароодо, Ө. Бабановдун ден-соолугунун начарлап кеткендигин жана республикадан  тышкары жактан медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды.

2021-жылдын 27-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ө.Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ал камактан бошотулду.

Ө. Бабанов шектүү деп эсептелген Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүүдө.

УКМК коомчулукка бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, анын ичинде Ө. Бабановго байланыштуу, анын иш-аракеттерине акыркы укуктук баа берүү боюнча тынымсыз маалымат берилип турмакчы.

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров дагы эки айга абакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду дагы эки айга, 30-сентябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда кармалып, 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.

Соттун алдында эки депутаттын ондогон тарапташы абактан бошотууну талап кылып турду.

Алардын тарапкерлери үй камагына чыгаруу талабы менен улам нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү дагы таратышкан.

Асылбек Жээнбеков – мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Милиция: 2016-жылы 10 түрк жаранына мыйзамсыз кыргыз паспортун бергендиги үчүн Фарид Ниязов менен Алмаз Атамбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматы 2016-жылы Кыргызстандын жарандык паспортторун мыйзамсыз берүү фактысы боюнча КР Кылмыш кодексинин 319-коррупция беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой  2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиясы  Фарид Ниязовдун төрагалыгы астында Түркия Республикасынын он жаранын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган.
Ошол эле, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаевдин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына Түркия Республикасынын он жараны кабыл алынган.
Анын негизинде 2016-жылы 10 түрк жаранына кыргыз паспорттору берит
Азыркы учурда бардык бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Тайырбек Сарпашев УКМКнын тергөө абагына 31-июлга чейин камалды

Сот мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, 31-июлга чейин камакта калтырды.

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн Сарпашевдин баш коргоо чарасын 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык “Центерра Голд” компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Тергөө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганын аныктады.

Сарпашевдун жакындары жана жактоочусу азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

Сарпашев 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

УКМК: "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды

Ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштө, Кыргыз Республикасынын мурунку биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык “Центерра” компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.

Тергөө иштринде, Т.Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, “Центерранын” кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Кумтөр Голд Компания” ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, 2021-жылдын 17-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.

Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.

Кумтөр кени боюнча камалган экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Алмаз Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралу келишим түзүп, үй камагына чыгышты

“Кумтөр иши” боюнча камалган Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулду.

Маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

Июндун башында Узакбаев менен Баатырбековду Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камоо чечимин чыгарган эле.

Кумтөргө байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган.

$2,3 млн суммасындагы алдамчылык фактысы боюнча «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян кармалды

УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Г.Б. мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 000 АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Г.Б. жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз,  Г.Б. тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде ушул жылдын 15-июнунда Г.Б. аттуу жаран ушул кылмышка шектүү катары кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Белгилей кетсек, мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

УКМК: Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып бөгөт коюлду

УКМК ГКНБ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын системасындагы кызмат адамдарына расмий документтерди жасалма жол менен берүү жана каттоо үчүн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Натыйжада 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.

Такталгандай, Баткен шаарынын мурдагы мэри «С.С.» Баткен шаарынын жасалма токтому менен ар жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейинки акча каражатына берип турган. Ошол эле учурда, Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары “Э.К.”, ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага жер участокторун бөлүп берүү үчүн архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде, тиешелүү документтердин аткарылышы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси «Н.Б.» тарабынан жүргүзүлүп ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды.

Баткен шаарынын тургундары “С.Ж.” жана УД, ортомчу болушуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин алып турушкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С.С.», «Э.К.», «Н.Б.», «С.Ж.»  жана «У.Д.» кармалып Баткен областтык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалымат үчүн, бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын экендиги белгиленди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасыынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, КР ИИМ тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги  «У.Э.К.» кармалды.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун абактан жазган каты

Ассалому Алейкум Урматтуу элим.
Акыркы күндөрү мага коюлуп жаткан айыптар боюнча сиздерге кайрылууну туура көрдүм.
Мен 2010-жылдан баштап Жогорку Кеӊештин депутаты болдум. Өзүмдүн элиме, мен депутаттыка койгон Ноокат районундагы шайлоочуларыма тереӊ ыраазычылык билдирем. Мен 10 жылдан ашуун депутат болуп иштегениме өкүнбөймүн. Негизги депутаттын милдетттерин так аткарууга аракет кылдым. Мыйзам чыгарууда жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө менин ишмердүүлүгүмө жалпы кыргыз эли күбө. Ошондой эл өкүлүнүн милдетин аткарууда, бир канча мечиттерди, медреселерди, мектептерди, бала-бакчаларды, ФАПтарды бюджеттен, кайрымдуулук фонддор, ашар жолу менен жана бир туугандарым менен куруп бердик.
Кайрымдуулук фонддордун иштөө багытын, социалдык объекттерге өзгөчө көӊүл буруу үчүн бурдук. Катар, Сауд Арабия Королдугу, Араб Эмираттарында жана Марокко, Кувейт мамлекеттеринде болуп кайрымдуулук фонддору менен тыгыз байланышта жалпы мамлекетибизде курулуп жаткан социалдык объектилердин курулушуна себепчи болдук. Бул жумуштардын баары элге жагынуу багытында эмес, Жараткандын ыраазычылыгын издеп жасадык десем жаӊылышпаймын. Ушул иштердин бирөөсү Жараткандын алдында кабыл болуп калса мен үчүн, менин акыретим үчүн, өтүп кеткен ата-энем үчүн эӊ чоӊ ийгилик.
Мыйзам чыгарууда кээ бир тармактарга өзгөчө көӊүл буруп, көп эле душман ашырыптырмын. Ар түрдүү коркутуу, соцсеттер аркылуу жалган жалаалар дайыма мага карата катуу болду. Мен баарын Кудайга койдум! Башка саясатчыларга окшоп бир да журналистке жамандап бирөөдөн заказ кылганым жок. Фейк аккаунт ачып бирөөлөрдүн акылына киргим келген жок. Анткени акырет бар экенине ишенип, Жараткандын каарынан корком. Бул дүйнө түбөлүктүү эмес экенине толук ишенем. Өзүмдүн баракчамда дайыма позитив маалыматтарга эле орун берем. Бирок акыркы мага коюлуп жаткан айыптарды карап туруп таӊ калдым. «Кумтөр» ишканасы боюнча бир да тиешем жок. Мен Кумтөрдө иштеген кызматкерлерди тааныбаймын. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын Жогорку Кеӊеште каралып жаткан учурда, бир да ооз эки жана кагаз түрүндө сунуш да бербептирмин. Эгер мыйзам иштесе мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле.
Сабыр кылып мыйзамдуу акыйкат чечим чыгышын күтүп туралы. Жалган жалаанын өмүрү кыска, аны баарыбыз түшүнүп турабыз. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык.
Менин ишим боюнча каралып, чечим чыгарып жаткан тиешелүү адамдарга ыйман, адилеттүүлүктү Жараткандын алдында тилеймин.
Чек ара, тышкы саясат, бюджеттин тартыштыгы болуп жаткан азыркы учурда мыйзамдуулукту сактап, бир муштумдай биригип кырдаалдан чыгуу керек.
Мамлекетибиз тынчтыкта, элибиз амандыкта болсун!
Төрөбай Зулпукаров.
Меню