Ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөө улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Сотко чейинки өндүрүштө, Кыргыз Республикасынын мурунку биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык “Центерра” компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш аракеттери аныкталды.
Тергөө иштринде, Т.Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, “Центерранын” кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.
Мындан тышкары, Т.Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Кумтөр Голд Компания” ЖАК мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, «Кумтөр» кенинде жайгашкан, «Лысый» жана «Давыдов» мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кылуу үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.
Т.Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен, 2021-жылдын 17-июнунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмышка шектүү делип кармалды.
Жакынкы аралыкта Т.Сарпашевге карата жогоруда айтылган кылмышты жасоого шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ