Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖККУ) сессиясында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселени көтөрдү.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуунун сакталышы кыргыз тарапты Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин буга өзгөчө көңүл буруусуна басым жасоого милдеттендирерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйгөн, ачык жана демократиялуу мамлекет болуп саналат, өзүнүн көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн тартып коңшу өлкөлөр жана дүйнөдөгү башка мамлекеттер менен жалпы ырааттуу, достук, ынак коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келет. Өлкөлөр ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен жана саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен гана сүйлөшүү столунда чечүү зарылдыгы боюнча Кыргызстандын көз карашы өзгөрүүсүз калат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Региондогу абалды эске алуу менен Садыр Жапаров бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда Уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну айтты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын көңүлүн кыргыз тарап Уюмдун анын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында өнөктөштөр менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча стратегиялык сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенине бурду.

Чек арадан кармалган кыргыз жараны Тажикстанда үй камагына чыгарылды

Бул маалыматты кармалган жарандын атасы Абдилахат Акматов билдирди. Ал уулу менен телефондон сүйлөшкөнүн, ал учурда Тажикстандын Хожент шаарында үй камагында экенин айтты:

“Уулумду Тажикстандын ичинде үй камагына чыгарыптыр. Азыр эле телефондон сүйлөштүм. Эч жакка кетпөө тууралуу тилкат жазып бериптир. Кожентте тааныштардын үйүндө турат. Кечээ документтерин, кийим-кечесин берип жибергем”.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлагандай, Акматовду тажик чек арачылары транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 килограмм альп ферула чөбү табылганы айтылган.

Тажик тарап ал Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын кабарлаган.

Баткендик тургунду бошотуу боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын башчылары сүйлөшүп жатканы маалымдалган.

Төрт ай мурда Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Коңшу мамлекеттин күч кызматтары буга чейин төрт кыргызстандыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен кармап, бир жаранды беш жылга эркинен ажыраткан.

Тажикстандын атайын кызматы Кыргызстандын жаранын кармап кетти

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 6-сентябрда Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматовду кармап кеткен.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, Кубанычбек Акматов Кыргызстандын аймагында дары чөптөрдү чогултуп жүрүп Үч-Дөбө айылы тарапка барган.

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери аны транзиттик жолдо кармап кетип, ага Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып койгон. Кармоо учурунда Кыргызстандын жаранынан болжол менен 100 кг альп ферула чөбү табылган.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн облустук ички иштер башкармалыктарынын башчылары сүйлөшүп жатат.

Маалыматка караганда, жакын арада Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп анда Кубанычбек Акматовду өз мекенине кайтаруу маселеси каралат. Тажик тарап ал ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Топографиялык жумушчу топтордун Протоколуна кол коюлду

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 1-7-сентябрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Садыр Жапаров: кыргыз-тажик чек арасынын 50% ашыгы такталды

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 50% ашык жери макулдашылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-августта, Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

“Тажикстан менен сүйлөшүүлөр активдешип, мамлекеттик чек аранын жалпы узундугунун 50% ашык жери боюнча макулдашылды. Тажикстан менен чек ара маселесинин жыйынтыгын чыгарыш үчүн кыргыз-тажик өкмөттөрү саясий чечим кабыл алып, бири-бирин сыйлоо жана урматтоо принцибинин негизинде сүйлөшүүлөрдү улантышыбыз зарыл”, – деди Жапаров.

Иш-чарага чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашуун жетекчилери катышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтор эки өлкөдө алмак-салмак жолугушууларды өткөрүүдө. Акыркы жолугушуу Дүйшөмбү шаарында 4-9-август күндөрү өттү.

Буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай, анын 519 чакырымы такталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Лейлек районунун Максат айылында 84 үй-бүлөгө жаңы үйлөр пайдаланууга берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде үстүбүздөгү жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 6-майында, Мамлекет башчысы Баткен облусунан кабар алган учурда бир да жергиликтүү тургун жардамсыз жана зарыл колдоосуз калбай турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров чогулган элдин алдында сүйлөп жатып аларды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө белгилегендей, эгемендүү өлкөгө, көз карандысыз мамлекетке ээ болуу кандай гана эл болбосун улуу бакыт! Мекендин эгемендиги бул – мамлекеттин тынчтыгы, аймактык бүтүндүгү. Баткен облусундагы чек арада акыркы жолу болуп өткөн каргашалуу окуяда Кыргызстан эли биримдиктин үлгүсүн дагы бир ирет даана көрсөттү. Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан мекендештерибиз жүрөгү менен жардамга колун сунушту.

«Элибиз менен биргеликте оор жоготуулардын ордун толтурууга аракет жасадык. Каргашалуу окуяда 36 эр-азаматыбыз шейит кетти, жүздөн ашык жарандарыбыз жараат алды. Бул кыргыз эли үчүн, биз үчүн оор жоготуу болду. Алардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Жабыркаган үйлөрдүн ордуна заманбап шарттары менен үйлөр курулду. Айылдардагы бир топ чечилбей турган социалдык маселелер четтен чечилип жатат. Таза суу, жол, ФАП, мектеп, бала бакча жана башка элеттиктер үчүн эң керектүү делген шарттардын түзүлүшүн камсыз кылууга аракет көрүп жатабыз», – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент жаңы үйлөр кут алып келген, ынтымактын үйү болуп, аларда кыргыз эли үчүн, кыргыз мамлекети үчүн ак кызмат кылган патриот уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров кыргыз мамлекети кыйын күн кечирип жатканда эбегейсиз жардам көрсөткөн боордош түрк элине жана Түркия мамлекетинин жетекчилигине жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз эли бул жылдар ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме, анын ичинде сиздерге миң мертебе алкыш айтам, таазим этем. Өлкөбүз тынчтыкта жана экономикасы өнүккөн мамлекет болсун. Бул үчүн биргелешип аракет кылалы. Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз. Муну дүйнө жүзү билет», – деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты. Учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга алат.

«Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек», – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө катышты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор протоколго кол коюшту

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 16-22-августунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Исфара шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өттү

16-августта  Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен тилкеде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган делегациялардын жолугушуусу өттү.

Облустук администрациянын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов билдиргендей, жолугушууга чектеш райондордун башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышып, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты. Тажик тараптын аң казуу аракеттерине жол бербөө маселеси көтөрүлдү:

“Мындан ары андай кадамдарга жол бербөө, эки тараптын күч түзүмдөрүнүн биргелешкен патрулдук кайтаруусун күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү тапшырылды. Чек аралаш аймактарда кошумча видеокөзөмөл каражаттарын эки тараптан макулдашуу жолу менен гана коюу, аң казуу иштерин кайрадан болтурбоо талабы коюлду. Калк арасында чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу максатында акимдерге жана айыл башчыларына тез арада түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү колго алуу жагы сунушталды. Эки жак тең бирин бири жакшы түшүнүп, жакшы жыйынтык менен кайтышты”.

Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-августтан баштап чек арачылар жана милиция чек арага жакын аймактарда терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча биргелешкен окутуудан өтүшөт.

Жакында Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Тажикстан Лейлекте казган аңды көөмп, курулушту токтотту

Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

12-августта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Баткен жана Согд облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

11-августта Лейлек районунун Интернационал айылдык ооруканасына Тажикстан тараптан ок атылган. Андан экинчи кабаттын терезеси талкаланып, окуя болгон жерде 5,45 мм калибрдеги “АК-74” автоматынын огу табылган.

12-августта облустук жыйында Арка айылындагы Катта-Туз мунай куурлары жайгашкан жерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү аскердик окопторду казып алганы да айтылган.

Катта-Туз аймагынан Тажикстан 1974-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга 1992-жылы өтүшү керек болчу. Бирок Тажикстан 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу менен кийин да иштетип турган.

2013-жылы кыргыз чек арачылары Тажикстандын мунай өндүргөн мекемесин Кыргызстанга таандык аймактан чыгарып жиберген.

Жумушчу топ кыргыз-тажик чек арасындагы дагы 40 чакырым жер боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 40 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдашты. Бул тууралуу 29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Абдулат Мырзаев билдирди.

Баткен облусуна өзгөчө макам берүүгө байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо учурунда депутат Осмон Турдумамбетов Тажикстан менен чек араны тактоо иши уланып жатабы деп сурады.

Мырзаев ушул тапта жумушчу топтун деңгээлинде иш жүрүп жатканын айтты.

«Акыркы үч жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар дагы 40 чакырым боюнча макулдашты. Августта Тажикстанда жолугушуу пландалууда. Андагы макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат берилет. Иш жүрүп жатат, бирок бул маселе так качан чечиле турганын айта албайбыз», – деди Мырзаев.

12-17-июлда Бишкекте болгон жолугушуунун соңунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн айдын соңунда Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолукканда чек ара боюнча документ кабыл алынган эмес.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Ал эми 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон.

Меню