Menu

Мамлекеттик карыз

Министрлер кабинети жыл соңуна чейин донорлордон бюджетти колдоого 30 млрд. сом алууга ниеттенүүдө

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн 2022-жылдын он айында донорлордон 12,1 миллиард сом алды. Бул тууралуу 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн каржы министри Алмазбек Бакетаев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар быйыл бюджетти колдоо үчүн канча каражат алуу пландалганына кызыгышты.

“2022-жылдын 10 айында 12,1 миллиард сом алдык. Жыл соңуна чейин 30 миллиард 600 миллион болот”, – деди министр.

Октябрда каржы министринин орун басары Руслан Татиков Министрлер кабинети акыркы 10 айдын ичинде эл аралык каржы институттарынан бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганын, анын 50 миллиону грант болгонун айткан.

2021-жылы Кыргызстан эл аралык донор уюмдардан 38 миллиард сом (447 миллион 585 миң 394 доллар) алган. Каржы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Акжолов чет өлкөдөн каражат эки багыт боюнча келип жатканын билдирген: мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоо үчүн. 11,4 миллиард сом бюджетти колдоого жумшалса, 26,4 миллиард сом ири долбоорлорго тартылган.

2022-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,2 миллиард долларга жетти. Анын 4,1 миллиарды тышкы карыз. Калганын Министрлер кабинети ички каржы институттары гана сатып ала турган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөп бериши керек.

Кыргызстан быйыл Кытайга $112 миллион карызын төлөш керек

Кыргызстандын Кытайдын Экспортук-импортук банкына (Эксимбанк) болгон карызы 1 млрд 794 млн 120 миң долларды же 147 млрд 304 млн 940 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта быйыл 111 млн 730 миң доллар төлөө пландалып жатканы айтылат. Эксимбанкка болгон карызды төлөө 2025-жылдан баштап көбөйүп, 2027-жылы туу чокусуна жетет.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында эгер карыз төлөнбөсө, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы үч стартегиялык объектиге башкаруучу компания киргизерин билдирген. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун, “Датка-Кеминди” жана Түндүк-Түштүк жолун атаган.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карата 5 млрд. 182 млн. долларга барабар. Анын ичинен ички карыз 817 миллион доллар болсо, мамлекеттин тышкы карызы 4,3 миллиард долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата 53,70% түзүп калган.

Садыр Жапаров: Тагдырдын жазмышы экен, тышкы карыз төлөөнүн эң жогорку чеги менин учурума туш келди

«Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Президент депутаттарга өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе бар экенин эске салды.

«Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат», — деди ал.

Мамлекет башчысы бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүдө да чечкиндүүлүктү көрсөтүү кажет. Ал мындай олуттуу маселерди эл өкүлдөрүнүн колдоосунда чечүүчгө болоруна ишенимин билдирди.

«Ошентсе да жогорудагыдай саясий упай топтоп, „электорат көбөйтөм“ деген саясатчыларга кечээ жакында — 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, ушул сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин», — деди Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстан былтыр донорлордон 448 миллионго жакын доллар алды

Кыргызстан 2021-жылы эл аралык донор уюмдардан жалпысынан 38 миллиарддай сом (447 милион 585 миң 394 доллар) алган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжолов билдирди.

Ал Кыргызстанга сырттан акча эки максатта, тактап айтканда, мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга жана бюджетти колдоого келерин белгиледи.

“Донорлордон алынган 11,4 млрд. сом бюджетти колдоого жумшалган. Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сомду сырттан алып келгенбиз, башкача айтканда өздөштүргөнбүз. Мунун ичинде 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант”, -деди Акжолов.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн эгемен жылдарында топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын билдирген. Быйылтан тарта 2026-жылга чейин эң жогорку сумма – 350 миллион доллар төлөш керек болорун, андан кийин төлөм ылдыйлап отуруп, 2030-жылдарда төлөнүп бүтөрүн айткан.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы былтыр жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд 921 млн доллар) ашкан, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Меню