Menu

Манас» эпосу

"Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англис тилине которулду

Мындай маалымат бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республдикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукканда белгилүү болду.
Жолугушууда профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачаарын Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул бет ачаардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.
Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приор мырзага кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.
Азамат Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана “Манас эпосу” эмес, кыргыз элинин салттуу маданиятын, жашоо турмушун, үрп-адаттарын кеңири тааныша алаарына ишенем, сөзүн жыйынтыктады.
“Көкөтөйдүн ашы”- “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр.
Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Президент Садыр Жапаровдун «Манас» эпосунун күнү менен куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди улутубуздун улуу байлыгы жана дөөлөтү болгон „Манас“ эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Тарыхына сыймыктанган ар бир эл өзүнүн адабий жана маданий мурасын аздектеп, аны даңазалоонун жүгүн көтөрөт. Ошол мурас, ошол дөөлөт бара-бара ошол элдин улуттук ураанына, руханий эн тамгасына айланып, дүйнөгө таанылат. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн, таалайына жаралган байыркы „Манас“ дастаны бүгүнкү күндө дал ошондой милдетти аркалап келет.

Чынында эле, ата-бабалардын көчмөн цивилизациясы доорундагы гимни, Евразия мейкиндигинде жаңырып турган ыры болгон „Манас“ эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак. Көлөмү эле эмес, көркөмдүгү менен да бүт адамзатты таң калтырган улуу эпосубуздун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине катталышы да тегин жерден эмес.

Элдик оозеки чыгармачылыктын уникалдуу үлгүсү саналган „Манас“ эпосуна бүгүнкү күнү дагы дүйнөлүк фольклор таануу илиминин кызыгуусу артууда. Ал  көптөгөн мамлекеттердин окумуштууларынын изилдөө объектисине айланып, жалпы адамзаттык маданияттын казынасына кирди.

Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда „акылын азык, каруусун казык“ кылып, мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этемин.

Ааламдашуу маалында улуу эпопеябызды жаңы шартта иликтеп-изилдеп, чечмелеп, элибиздин калың катмарына жеткирип, андагы түбөлүктүү көөнөрбөс идеалдарды, баалуулуктарды жаштарыбыздын аң-сезимине сиңирүүбүз зарыл. Тамырына жана дилине ата-бабаларынын демин каткан муун гана Мекен, эл-жер үчүн күйө билип, аны көздүн карегиндей сактоону ыйык парз деп билет. Бул улуу сезимди көкүрөгүнө уютуп алып жүрөт.

Өлкө тарыхында биринчи жолу „Кыргыз мамлекеттик ‚Манас‘ театрынын“ түптөлүшү мыкты саамалык болду. Бул театр „Манас“ дастаны менен катар башка кенже эпосторду жана айтуучулук өнөрдү сактоо, жайылтуу жана даңазалоо милдетин аркалоого бел байлап отурат.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, „Манастын“ ыр, кара сөз түрлөрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, таркатып, пропагандалоону колго алуу зарыл. „Илиада“ жана „Одиссея“, „Рамаяна“ жана „Махабхарата“ сыяктуу оозеки мурастардын керемет эстеликтериндей эле, биздин „Манас“ дагы дүйнөнүн бардык илимий мекемелеринин, окуу жайларынын китепканаларында турушу керек.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди дагы бир жолу улуу „Манас“ дастаныбыздын күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүү, Мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик каалайм! Манас бабабыздын арбагы ыраазы болуп, эркиндигибиздин туусу түбөлүк желбиресин!».

Меню