Menu

Мирбек Асанакунов

КСДПчы экс-депутат, экс-губернатор Мирбек Асанакунов 5,7 млн сомдук коррупция фактысы боюнча кармалды

Кечээ, 1-июндун кечинде мурунку мончо ишкери, КСДПчы экс-депутат, экс-губернатор, профсоюздар федерациясынын экс-төрагасы Мирбек Асанакунов коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды.

Мирбек Асанакунов мончо бизнесин гүлдөтүп жүргөн учурунда КСДП партиясына кабыл алынып, 2009-жылы КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып келген.

2010-жылы 7-апрелдеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ысык-Көл облусунун губернатору болуп дайындалган.

2011-жылы Бишкек экономикалык аймагынын директору кызматына жиберилген.

2012-жылы кайрадан Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалып, 2013-жылы Жети-Өгүздөгү митингдерден кийин эл менен иштей албайт деген айып менен кызматтан алынган.

2014-жылдан тартып КР Профсоюздар федерациясынын төрагалык кызматын талашып, бирде жеңип, бирде жеңилип ызы-чуу менен элге таанылган.

2022-жылдын 1-июнунда УКМК тарабынан коррупциялык жол менен 5,7 млн сом уурдаган, документтери жасалма деген шек менен камакка алынды.

Меню