Menu

КСДП

КСДПчы экс-депутат, экс-губернатор Мирбек Асанакунов 5,7 млн сомдук коррупция фактысы боюнча кармалды

Кечээ, 1-июндун кечинде мурунку мончо ишкери, КСДПчы экс-депутат, экс-губернатор, профсоюздар федерациясынын экс-төрагасы Мирбек Асанакунов коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалды.

Мирбек Асанакунов мончо бизнесин гүлдөтүп жүргөн учурунда КСДП партиясына кабыл алынып, 2009-жылы КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып келген.

2010-жылы 7-апрелдеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Ысык-Көл облусунун губернатору болуп дайындалган.

2011-жылы Бишкек экономикалык аймагынын директору кызматына жиберилген.

2012-жылы кайрадан Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалып, 2013-жылы Жети-Өгүздөгү митингдерден кийин эл менен иштей албайт деген айып менен кызматтан алынган.

2014-жылдан тартып КР Профсоюздар федерациясынын төрагалык кызматын талашып, бирде жеңип, бирде жеңилип ызы-чуу менен элге таанылган.

2022-жылдын 1-июнунда УКМК тарабынан коррупциялык жол менен 5,7 млн сом уурдаган, документтери жасалма деген шек менен камакка алынды.

Коррупциянын символу Алексей Ширшов КСДПчылар Атамбаев менен Жээнбеков бийликте турган 2015-2019-жылдарда "апакай" болуп акталып чыгыптыр

Бүгүн, 13-майда КР Президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, Алексей Ширшовдун азыр соттуулугу жок экенин, анткени ал 2015-2019-жылдарда толук акталып чыкканын билдирди.
“Ширшов боюнча тактоо.
Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында Президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.
Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн Президент кабыл алган”, – деп жазган Эрбол Султанбаев.

УКМК: Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты 2 айга камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты кармалды.

Тактап айтканда аталган депутат 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган. Жыйынтыгында ал Ички Иштер Министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган депутатка 2021-жылдын 18-октябрына чейин УКМК тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын карады.

УКМК: КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаровдун жогорку билим тууралу диплому жасалма экени аныкталды

Кыргыз Республикасынын УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында,  мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню