Menu

Наркотрафик

Сокулукта Тажикстандан маңзат ташыган топтун мүчөлөрү кармалды

Милиция кызматкерлери Тажикстандан Кыргызстанга маңзат ташып жүргөн трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, шектүүлөрдөн 12 килограммдан ашык гашиш алынды.

“13-январда саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “Гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Скотч менен оролгон, өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү таңгакталган баңгизаттын салмагы 12 кг 170 граммды түзгөн”-, деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

ИИМ: Баткен облусунда 33 килограммдан ашык баңгизат менен Тажикстандын милиция кызматкери кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери  узак убакыттан бери жүргүзүп келишкен ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикстандан Кыргызстанга, андан соң Казакстанга афган тектүү баңгизаттардын ири партиясын ташып сатуу менен алектенген улуттар аралык баңгитобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.
Кармалгандардын бирөөсү Кыргызстандын аймагы аркылуу баңгизат ташуу жана аткезчилик менен алектенген Тажикстандын ИИМнин кызматкери  болот.
Бул кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгү так аныкталган бир нече түзүмдүк бөлүмдөрдөн турган. Кылмышкерлер жашыруундуулук  чараларын так сакташып, атайын тескемеден өтүп турушкан. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин тыкыр ишинин жана натыйжалуу аракеттеринин арты менен Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын криминалдык бирикмесинин катышуучуларына чыгышып, алардын лидеринин өздүгүн аныкташкан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  алкагында бул ыкчам иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бир жыл бою жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында улуттар аралык баңгитобунун бардык мүчөлөрү кармалды. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу Тажикстандын жараны 1960-жылы туулган О.А. жана шериги Тажикстандын жараны 1982-жылы туулган И.М., Тажикстандын Ички иштер министрлигинин  кызматкери милициянын улук сержанты кармалды.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылып алынган афган тектүү баңгизаттар:  11 кг 299 грамм «апийим», 21 кг 942 грамм «гашиш». Баңгизаттардын жалпы салмагы   33 кг 241 граммды түзөт.
Азыркы учурда  баңгизат менен алектенген бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМК: «Тажикистан-Кыргызстан-Казакстан-Россия» багытындагы эл аралык наркотрафик менен 8 кг апийим (бангизат) ташып бараткан топ кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө «Тажикистан-Кыргызстан-Казакстан-Россия» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү  баңги заттары – апийим чийки затын ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, анын ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 25-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда «Х.Т.У.» аттуу коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны жалпы салмагы 8 кг 350 гр. болгон баңги заты – апийим чийки заты кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Меню