Menu

Орхан Инанды

ИИМ: Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

Жапаров Эрдоган менен жолугушуусунда Орхан Инандынын жоголушу боюнча сөз кылды

Президент Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолукканда андан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча билгиси да келбесин айтты”, — деди Султанбаев.

9-июнда Режеп Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында “ФЕТО баш болгон террордук уюмдарга каршы күрөшүү жана чөлкөмдөгү кызматташтык сыяктуу маселелерди талкууладык” деп билдирген.

“ФЕТО уюмунун эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу урматтуу бир тууганым менен пикирдешпиз. Соңку саясий көйгөйлөр ФЕТОнун караңгы, кандуу жана суук “жүзүн” ортого салды. Буюрса, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, бул маселени бирге жеңебиз. Урматтуу президентке Түркиянын кыргыз элине жана өкмөтүнө болгон колдоосун дагы бир жолу баса белгиледим. Саясий туруктуулукка карай жасалган ар бир кадамында биз кыргыз мамлекетинин жанындабыз”, – деген Эрдоган.

59 жаштагы Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Анын эшиги ачык калган машинеси өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майдын кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин айткан.

Кыргызстанда 20га жакын “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык. Ал Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.

ИИМ: Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар активдүү жүрүүдө

Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө милиция кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн болгон жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, териштирүү жана тактоо иштерин улантууда. Бул тууралу ИИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын, алгачкы текшерүү органынын жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын жүргөн жерин аныктоо боюнча жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында башка кылмыштардын жана жоруктардын дагы бетин ачышты.
Алсак, 2021-жылдан 1-7-июнь айына чейин 164 кылмыш менен жоруктардын бети ачылган. Уурулук-57, алдамчылык-45, бейбаштык-7, тоноо-1, каракчылык-1, никеге туруу максатында уурдоо-1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү-1, орчундуу эмес өлчөмдөгү алдамчылык-38, майда бейбаштык-3, орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо-3, соттун өкүмүн, чечимин же башка соттук актыларды аткарбоо-3, анча олуттуу эмес уурулук-5, башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу-1, үй-бүлөлүк зомбулук-1.
Андан сырткары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө ишине байланыштуу алдын алуу иш-чарасы уюштурулуп, өткөрүлдү. Анын негизинде борбордук милиция кызматкерлери тарабынан 10434 объект, 3251 жеке менчик жана 6336 көп кабаттуу турак жай, 175 мейманкана, 91 курулуп жаткан объект, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода түйүнү, 31 сейилдөөчү жайлар, ошондой эле 88 унаа токтотуучу жайлар текшерүүгө алынды.
Кыргызстандык жаран Орхан Инандыны издөө жана тактоо боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Кыргыз жараны Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны издөөгө Интерпол көмөктөшөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

“Инандыны Кыргызстандан тышкары эл аралык издөө жарыяланды. Аны Орусиядан, Түркиядан жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен издөөгө өзүбүздүн багыттамаларыбызды жөнөттүк. Ал башка документтерди колдонуп өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн”, – деди Абдиев.

Милиция бул факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козгогон. Ошондой эле издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Бишкекте ондогон киши Инандыны табуу талабы менен бир нече күн акцияга чыкты.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Кыргызстанда 20дан ашуун “Сапат” жеке лицейинин, эл аралык “Ала-Тоо” университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган.

Меню