Menu

Паракорлор

УКМК: $45000 пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) башчысынын орун басары кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ башчысынын орун басары “У.У.К.” тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң АКШ доллары акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды.  

2021-жылдын 6-декабрында бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, “У.У.К.” КР Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Фото - УКМК: Кафенин ээсинен алган $9000 паранын $6000 кайтарып берип жаткан учурда Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясында коррупцияга байланыштуу кылмыштарды алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мурда алынган 6000 АКШ доллары өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери кармалды.

Кармалган адам Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн  жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин  сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алгандыгы аныкталган.

2021-жылдын 23-июлунда, пара алуу боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу, “М.А.” кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Меню