Menu

Паракорлор

УКМК: КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Базар-Коргон райондук башкы инспектору кармалды

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча Башкы Башкармалыгы Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен биргеликте 2022-жылдын 18-майында 15000 сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен С.Ч.А. аттуу КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад областык башкармалыгынын Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды.

Аталган С.Ч.А. аттуу Базар-Коргон райондук көзөмөлдөө-текшерүү кызматынын башкы инспектору Базар-Коргон районунун тургунунун жеке менчик аймагындагы жашыл аянтчаларды мыйзамсыз кыюу фактысын жашыргандыгы үчүн, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү жана андан ары соттук териштирүү болот делген коркутуу жолу менен опузалап 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды

    Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды. 

     Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген 

      Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору Б.Ж. 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган Б.Ж. акча каражатын өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултушкан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК: 200 миң сом пара алып жаткан жеринен ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен КР ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К. кармалды.

Кармалган тергөөчү Ю.А.Х. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү Ш.С.К. жана ортомчу Ю.А.Х. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын УКМК мамлекеттик, муниципалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча алуу фактылары катталган учурда төмөнкү телефондорго 0312 66 04 75; 62 65 04. Кайрылууңуздарды өтүнөт.

УКМК: Араван райондук Аскер комиссариатынын офицери «Э.Э.» 37000 сом пара алгандыгы үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылгандыгы үчүн Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э.» кармалды.

Кармалган кызматкер «Н.А.» аттуу жарандын «А.М.» аттуу уулун альтернативдик кызматка чакырылышы үчүн документтерди тариздөөгө 37 000 сом акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Аталган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э. » кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

УКМК: Бишкектин Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү 85000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Биринчи Май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б. кармалды. 

Биринчи Май РИИБнин тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В. аттуу жаран кайрылган.

Кармалган А.Д.Б. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

УКМК: “Манас” аэропортунун чек ара көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды

Кечээ, 17-мартта Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК: Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында, 2022-жылдын 19-январында Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалды.

2022-жылдын 17-январында Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Талас облустук милициясынын тергөөчүсү опузалап, 300 миң сом пара алуу фактысы боюнча кармалды

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Талас шаары боюнча ИИБнын ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас ИИБнин тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кармалды.

Аталган тергөөчү, КРнын “С.Б.” аттуу жаранынан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны “А.Д.Д.” кармалды.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК: Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, пара алып жаткан жеринен Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси кармалды.

2021-жылдын 6-декабрында Сузак районунун тургуну, Сузак райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери жаш балдарга пособия алуу үчүн берилген арыздарды кароо жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат делген арыз менен КР УКМК кайрылган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча башкармалыгында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, арыздын материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2021-жылдын 7-декабрында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, пара алып жаткан жеринен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси “М.Э.С” кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Меню