Menu

Скутер кырсыктары

ИИМ: Ысык-Көлдө текшерилген 35 скутер жана кеменин 20сы лицензиясы жок, мыйзамсыз иштегендиги аныкталды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте, чакан кемелердин ээлери тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптары кандай дээӊгелде аткарылып жаткандыгы боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү.

Үстүбүздөгү жылдын август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилип, анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарында орун алган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.

Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүп алган катердин айдоочусу үй камагына чыкты

Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды.

26-июлда Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экенин, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганын эске алган. Мындан тышкары жабырлануучулар катердин айдоочусун ачык айыптоодон баш тартышкан.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн киргизген.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып “таблетка” жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада дарыланууда.

Кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүп алган катердин 16 жаштагы айдоочусу камакка алынды

Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусу Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча менен жазык иши козголду. Анын алкагында катердин айдоочусу, Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына, соттун бөгөт чарасы кабыл алынганга чейин камакка алынды.

Шектүү 23-июлда Чолпон-Атада эс алуучуларды “таблетка” баллонуна сүйрөп баратып жанындагы теплоходго урунган. Кырсыктан 23 жаштагы улан менен 19 жаштагы кыз жаракат алып, 24-июлда ооруканада каза болгон. 21 жаштагы дагы бир кыз ооруканада.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берди.

Меню