Menu

Суу тартыштыгы

Бишкек: суу таңкыс болгон конуштарда сууга төлөм кайра эсептелет

Бишкек шаарынын суу таңкыстыгы жаралган конуштарында сууга төлөм кайра эсептелет. Бул тууралуу 8-июнда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев парламентте билдирди.

Учурда тиешелүү мекеме-органдарга буга байланыштуу тапшырмалар берилгенин айтты. Шамыралиев бул канча абонентке тиешелүү болорун, төлөм канчага азаярын тактаган жок.

Мунун алдында Жогорку тармактык комитети 8-июнда кезексиз жыйынга чогулуп, Бишкектеги суу таңкыстыгын чечүү үчүн 150 милилон сом бөлүп берүүнү колдоду. Жыргалбек Шамыралиев бул көйгөйдү чечүү үчүн 500 миллиондой сом керектигин билдирген. Анда жаңы суу топтомо жайларын курууга жер керектигин, учурда трансформациялоо маселесин чечүүгө аракет жасалып жатканын маалымдаган.
“Бизге “Башкарасуу” суу топтогон жайынын жанынан төрт гектар, “Сельский” суу топтогон жайынын жанынан дагы үч гектар, ал эми “Контррезервуар” жайынын жанынан дагы төрт гектар жер керек. Бир суу топтогон жайды куруу үчүн болжол менен 150 милилондон сом сарпталат, ошондуктан жалпысынан 500дой миллион сом керек”, – деген Шамыралиев.
Бишкектеги Арча-Бешик конушунда суу тартыштыгына нааразы болгон ондогон адам 7-июнда акцияга чыккан. Алар кыска убакытка жолду тосуп, кайра ачкан. Конуштун тургундары бир канча күндөн бери таза суу берилбей жатканын сынга алып, маселенин чечилишин талап кылган.
Шаарда күн ысыгандан бери айрым райондун тургундары бир нече күндөн бери суу чыкпай жатканына даттанууда.
Мэрия таза суунун жетишсиздигинен рейд жүрүп, борбордо сууну көп сарптаган 15 жеке мончо жана автоунаа жуучу жай убактылуу жабылганын 3-июнда кабарлаган.
Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы Орто-Алыш суу алгычынан келет. Орто-Алыш суу алгычында жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан тышкары мөңгүлөр жай эрип жатат. Мэрия калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалаган.
Шаар бийлиги акыркы жылдары өзгөчө жай мезгилинде калкты таза суу менен камсыз кылуу маселеси турак жайларда гана эмес, бүтүндөй Бишкек шаарында да курчуп кеткенин билдирген.
Мекеме таза суунун тартыштыгын эл сууну чарбалык аянттарын сугарууга жумшап жана сарамжалсыз пайдаланганына байланыштырган.

Эмомали Рахмон: мөңгүлөр ээрисе, Борбор Азияда суу тартыштыгы жаралат

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон суу-климат коалициясынын лидерлеринин 4-июнда өткөн жыйынында мөңгүлөрдүн ээриши Борбор Азия үчүн терс таасирин тийгизерин билдирди.

Рахмондун айтымында, суу ресурстары Тажикстандын өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт, ошол эле маалда дал ушул маанилүү ресурстар климаттын өзгөрүшүнөн жабыркоодо. Ошол эле маалда Тажикстан өндүрүшү өнүккөн өлкө эмес, республикада электр кубатынын 98 пайызы гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт.

Рахмон ондогон жылдар аралыгында Тажикстанда 1000ден ашуун мөңгү жок болгонун, натыйжада өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянтынын үчтөн бир бөлүгү кыскарганын айтты.

Тажикстан президенти эгер мөңгүлөр ээрий берсе, Борбор Азия суу тартыштыгына кептелерин белгиледи. Рахмондун айтымында, Тажикстан өлкөдөгү суу ресурстарынын 4 пайызын гана колдонот, калганы төмөндө жайгашкан өлкөлөргө кетет.

“Эгер алтымышынчы жылдары аймакта калктын жан башына жылына 8 миң метр куб суу кетсе, азыр бул көрсөткүч төрт эсеге жогорулады”, – деди Рахмон.

Борбор Азия чөлкөмүндө Тажикстан менен Кыргызстан суу башында жайгашкан. Бир нече жыл мурун төмөндөгү өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан суунун бөлүштүрүлүшүнө жана дарыялардын башына суу сактагычтарды курууга каршы чыккан.

Меню