Menu

Толкунбек Абдыгулов

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан бошотууга макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичти башка кызматка өтүп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, добуш берүү жыйынтыгында анын өтүнүчү канааттандырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов Толкунбек Абдыгулов өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын билдирди.

Ал эми Толкунбек Абдыгулов өзү бул кызматта иштеген мезгил аралыгында Улуттук банк өлкөнүн акча-насыя саясатын жогорку деңгээлде жүргүзүү аракетин келгенин баса белгиледи. «Биз бул жылдары улуттук валютанын кунун кармап туруу жаатында иштиктүү аркеттерди жасадык. Өзгөчө акча жүгүртүү жаатында улуттук валютанын ордун бекемдөө, дедоллардаштыруу боюнча бир топ ийгиликтерге жетиште алдык десек болот», – деп, ал Президенттен анын билими менен тажрыйбасын башка тармакта колдонуу сунушу түшкөнүн, ошондон улам өз каалоосу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арыз жазганын кошумчалады.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү Толкунбек Абдыгулов банк тармагында узак жылдардан бери ийгиликтүү иштеп келген өтө билимдүү жана тажрыйбасы мол адис экенин, Кыргызстандын ачка-насыялык саясатынын ырааттуу жүргүзүлүшүнө сиңирген зор болгонун белгилешип, анын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалашты.

Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которгон

Улуттук банк Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине 2,5 млрд. сомду мөөнөтүнөн мурда которуп бергенин банктын кызматтан кетип жаткан төрагасы Толкунбек Абдыгулов ырастады.

Ал бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга мыйзам жол берет деди.

“Ооба, бул маалымат чын. Мыйзам боюнча жана эл аралык талаптарга ылайык, биз кирешенин бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда которууга укугубуз бар. Бирок бул сумма кирешенин үчтөн бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Эл аралык аудитор менен макулдашып, 2,5 млрд. сомду котордук. Бул сумма ансыз деле жыл аягында бюджетке түшмөк. Мында мыйзам бузуу жок”,-деди Абдыгулов.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын жалпы кирешеси 5 млрд. 395 млн сом болгонун, ал эми 2020-жылы жалпы киреше 8,5 млрд сом болгонун маалымдады. Анын айтуусунда, Улуттук банктын быйыл, сентябрга карата кирешеси 9 млрд. сомдон ашуун, ал эми алтын-валюта резерви – 3,2 млрд. долларды түзөт.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатат. Ал президенттин сунушу менен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп кетип жатканын байланыштуу арыз жазганын, эч кандай саясий басым-кысым жоктугун билдирди.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банкты 2014-жылдан бери жетектеп келет. Ортодо кыска мөөнөткө өкмөткө барып, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап, кийин ордуна кайткан.

Меню