Menu

Тянь-Шань карагайы

Ысык-Көлдө токойдон 19 даана Тянь-Шань карагайын кыйып, уурдап кеткен жаран кармалды

Ак-Суу районунан Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу учуру аныкталды.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери Кайырма-Арык айылынын 41 жаштагы У.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн 19 даана тилинген Тянь-Шань карагайларын табышкан. Турак жай курулуп жаткан үйдүн ээси бак-дарактарды кыюуга уруксат документтерин милиция кызматкерлерине текшерүү учурунда көрсөтө алган эмес.

Аталган факт, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдык зыянды аныктоо үчүн тиешелүү материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча аталган фактыга юридикалык баа берилмекчи.

Ысык-Көлдө токойдон 23 түп тянь-шань карагайын кыйып, уурдап кетишкен 2 жаран кармалды

Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак кыюулардын алдын алуу жана аныктоо максатында комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө. 

Алып айтканда, 24-январь күнү аталган кызматтын кызматкерлерине, “Жети-Өгүз” курортунда, жергиликтүү тургун, өз үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. 

Маалыматты текшерүү учурунда, 51 жаштагы А.Кнын. үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үйдүн ээси, кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок.

Ошол эле күнү, туристтик-экологиялык милициянын дагы бир тобунун кызматкерлери тарабынан, “Жети-Өгүз” токой-чарбасынын тилкесинен, Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Бнын. башкаруусундагы “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда, автоунаанын ичинен уруксат кагаздары жок 7 даана тянь-шань карагайы табылган.

Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Меню