Menu

Ууру

Ысык-Көлдүн пляждарында эс алуучулардын акчаларын, телефондорун уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери, курорттук аймакта уурулук менен алектенип жүрүшкөн кылмыштуу топту кармашты.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө – ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалган. 

Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т. А. Болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган топтун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, же жогун текшеришүүдө.

Аламүдүн районунда бирөөнүн үйүнөн $3800 жана алтын буюмдарын уурдап кеткен шектүү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБүнө 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылып, 2-февраль күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында анын үйүнүн тересин сындырып бирөөлөр киришип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Меню