Menu

Центерра

"Центерра" кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдөгү өз талаптарын жарыялады

Канадалык “Центерра” компаниясы 3-январда кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги талаптарын жарыялады.

Анда “кыргызстандык массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай Күмтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү мүмкүндүгү жана сүйлөшүүдө кандай гана чечим болбосун төмөнкү негизги талаптар сакталат” деп айтылат. “Центерра” компаниясы төмөндөгү беш талап аткарылышы керек деп эсептейт. Алар:

– Компания “Кыргызалтын” ишканасына таандык “Центерранын” 26,1% акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин “Центерра” компаниясы акцияны жокко чыгарат.

– Кыргызстан өлкөдөгү компаниянын эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

– 2021-жылы “Центерра” кенди камакка алуудан улам “Кыргызалтын” ишканасына төлөбөй калган дивиденддин үч суммасын төлөп берүү жана башка каржылык маселелердин ордун толтуруу.

– “Центерра” компаниясындагы Директорлор кеңешиндеги “Кыргызалтындын” эки талапкеринин отставкасы.

– Эки тарап бардык доолорду биротоло алуу жана бардык соттук териштирүүлөрдү эч кандай юридикалык жоопкерчиликсиз токтотуу.

“Центерра” компаниясы өз билдирүүсүндө Кыргызстан менен сүйлөшүү уланып жатканын белгилеген.

Азырынча кыргыз бийлиги канадалык компаниянын талаптары камтылган билдирүүсүнө жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда канадалык “Центерра Голд”компаниясы менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

“Кенге сапардын жүрүшүндө канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр голд” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. “Центерра” менен сот эл аралык арбитражда уланууда. Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканы белгилүү болгон. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашкан.

Женевада кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" сүйлөшүүсү аяктады

28-30-сентябрда өткөн Швейцариянын Женева шаарындагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилеринин биринчи сүйлөшүүсү аяктады.

Кыргызстандын делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барган. Делегация курамында Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар. Сүйлөшүүгө “Центерра Голд” компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Пери баштаган топ катышты.

“Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүүлөр уланат”, – деди сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булак.

Ташиев менен Жапаров баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Ушул тапта Нью-Йоркто соттук териштирүү жүрүп жатат. Сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын Arnold & Porter Kaye Scholer юридикалык фирмасы коргойт.

УКМК: "Кумтөрдөн" $200 млн уурдашкан "Центерра" менен "Кумтөр Голд Компани" ишканаларынын жетекчилери Ян Аткинсон, Андрей Сазанов, Макл Фишер, Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланды

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөөдө канадалык «Центерра» компаниясынын жогорку жетекчилигинин жана «Кумтөр»  кенинин оператору «Кумтор Голд Компания» ЖАКтын тиешеси бар экендиги тууралуу жана чет өлкөлүк жарандардын ичинен, 2013 -жылдын декабрында 200 миллион АКШ долларын уурдоо ошондой эле аларды чет элдик компаниянын эсебине алуу боюнча далилдер алды.

2013 -жылы Кумтөр долбоорун реструктуризациялоо маселеси боюнча өлкөнүн өкмөтүнүн активдүү ишинин жана Центерранын шарттарын кабыл алуу мүмкүн эместиги боюнча парламенттин категориялык позициясынын фонунда, бул компаниянын жетекчилиги “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын жогорку жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, жасалма карыздык милдеттенмелер жана кийин дивиденддер катары эсептен чыгаруу боюнча компаниядан 200 миллион долларды чыгарган.

Бул факты боюнча тергөө тарабынан “Центерранын” мурдагы президенти Ян Аткинсон, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Андрей Сазанов жана Макл Фишер, “Кумтөр Оперейтинг Компания” ЖАК финансы боюнча вице-президенти Джон Сютерлер сыртынан жоопко тартылып издөө жарыяланган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, жыйынтыгы боюнча регалиясына жана татыктуулугуна карабастан Кумтөр долбоорунда өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттерге катышкан бардык адамдарга укуктук баа берилет.

"Кумтөр": "Центерра" абалды чыңалтып, дүрбөлөң салууга аракет кылууда

“Кумтөр” ишканасы канадалык “Центерра” компаниясы кен боюнча абалды чыңалтып, деструктивдүү дүрбөлөң салууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

Ишкана 1-сентябрда “Центерра” тараткан билдирүүгө жооп кайтарып, ал “мыйзам алдында алсыз болгондуктан кендеги убактылуу башкаруучу топтун беделин түшүрүү үчүн бардык ыкмаларды колдонуп жатат” деп айыптады.

Өз комментарийине “Кумтөр” ишканасы карьердеги суунун деңгээли мурда деле азыркыдай болгонун тастыктайт деген бир нече сүрөт тиркеди.

«Центерра» Кумтөр алтын кениндеги борбордук карьерде топтолгон суунун деңгээли кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга «катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал» деген кооптонуусун билдирип чыккан. Компания 1-сентябрда тараткан билдирүүдө борбордук карьердеги суу кеминде 40 метр экени, ишкананын 25 жылдык тарыхында эч качан мындай болбогону, маселени тез арада чечүү керектиги айтылган.

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» бул билдирүүсүн калп деп атап, төмөнкүлөрдү билдирген:

«Бул накта калп. Каалаганын жазып жатышат. «Центерра» өтө көп басылмаларга акча төлөп койгон. Суу каптады дегени эмнеси? Августтун планын аткардык. Паровоздой иштеп жатабыз. Мындай ушак сөздөргө убактымды да короткум келбейт».

Министрлер кабинети парламенттин чечими менен «Кумтөрдү» башкарууну быйыл май айында үч айга өзүнө алган. 17-августта тышкы башкаруунун мөөнөтү узартылды.

Кыргыз тарап быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Меню