Menu

Шаардык транспорт

Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

“Биз айлык маселесинен улам иш таштап жатабыз. Көчөдөгү бардык каттамдар токтоп, паркка чогулуп жатат. Биздин көйгөйүбүз көп”, – деди айдоочулардын бири Светлана Тургунбаева.

Айдоочулар менен “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолукту. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирди. Анын сөзүнө макул болбогон айдоочулар жыйындар залынан чыгып кетишти.
10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.

Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтып жатышат.
Буга чейин Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын билдирген. Ал “жол кире төлөөнү толугу менен накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин, жаңы жылдан кийин айлык дагы караларын” билдирген.
Коомдук транспорттун айдоочуларынын мындай нааразылыгы Бишкек мэриясы жол кирени электрондук негизде кабыл ала баштаарын жарыялагандан кийин пайда болду.
Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук, “Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.
Расмий маалыматка ылайык, Бишкекте жүргүнчүлөрдү жеке ишканаларга таандык 1800 кичи автобус 84 каттам боюнча, муниципалдык бийликке таандык 135 троллейбус 11 каттам боюнча жана 85 автобус сегиз каттам боюнча ташып жатат. Мындан тышкары Өзбекстандан келген 70 автобусту жеке компания иштетүүдө.

Бишкек мэриясы насыялык каражатка 370 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы эки насыялык келишимдин алкагында 370 автобус сатып алат. Бул тууралуу 22-февралда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мэрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишим түзүлгөн.

“Дагы 650 миң доллар инфраструктурага бөлүнөт. 25 миллион — бул женилдетилген насыя, 25 миллион 650 миң доллар — грант. Бул каражатка биз 120 электробус сатып алабыз. Насыянын шарттарына ылайык, 8 жыл жеңилдетилген мөөнөттө жылдык 1%, андан кийин 1,5% болот. Долбоордун алкагында автобустарды сатып алуудан тышкары инфраструктураны куруу — автобустарды кубаттоочу база даярдоо жана электр кубаты түгөнүп жолдо калган автобустарды алып келүү үчүн эвакуаторлорду сатып алуу каралган”, — деди мэр.

Экинчи долбоор – Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын 33 миллион евролук насыясы. Бул сумманын 8 миллиону грант, 25 миллиону насыя болот. Макулдашууда үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт (1%) жана жалпы сумманын 1% түзгөн комиссия каралган.

“Биз макулдашууну ратификацияга чыгардык, бирок азыртан эле ишти баштап, тендер жарыяладык. Газ менен жүргөн 250 автобус алууну пландап жатабыз. Алардын 100ү 10,5 метр, 150сү 12 метр узундукта болот”, — деди Жунушалиев.

Мэр Бишкекке 1500-1700 автобус зарыл экенин белгилеп, бул максатта шаар бюджетинде коомдук транспорт сатып алууга 1,5 миллиард сом каралганын кошумчалады. Анын айтымында, ата мекендик ишканадан да автобустарды сатып алуу маселеси каралууда.

Өткөн жумада президент Садыр Жапаров Чүй облусунда жайгашкан “Белес.kg” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кыргызстанда кураштырылган алгачкы автобусту айдап сынап көргөн. Анда Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканадан 10 автобус сатып аларын айткан.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө шаардын балансында 476 коомдук транспорт бар. Ошол эле маалда 300 автобустун абалы начар болгондуктан, эсептен чыгарылышы керек. Учурда шаарда жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус жана 82 мунициалдык автобус тейлейт.

Меню