Menu

Электрэнергия тарифи

Электр жана жылуулук үчүн белгиленген тарифтер жарыяланды

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн белгиленген тарифтерди жарыялады.

Министрлер кабинети бекиткен тарифке ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай, 77 тыйындан төлөйт.

Мекеме-уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.

Жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1,134,76 сом/Гкал өлчөмүндө сакталат.

Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

– жылуулук энергиясы – 1 802 сом/Гкал;

– ысык суу менен камсыздоо – 1 802 сом/Гкалды түзөт.

Кыргыз бийлиги ушул жылдын апрель айында электр энергиясына жаңы тариф саясатын иштеп чыккан. Анда аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка абоненттерге электр кубатынын баасы азыркыдан эки эсе кымбат бааны сунуштаган. Бирок ал сунуш ишке ашпай калган.

Президент Садыр Жапаров электрэнергия тарифи, Кумтөр алтын кени, парламенттик шайлоо жана кымбатчылык боюнча фейсбукка пост жазды

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди

2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Кабыл алынган Орто мөөнөттүү тарифтик саясатка ылайык, калк үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт жана кВт/саатына 0,77 жана 2,16 сом деңгээлинде калат. Айына 700 кВт⋅саатка чейин керектөө менен тариф кВт⋅саатына – 0,77 сомду, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, тариф кВт⋅саатына 2,16 сомду түзөт.

Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда кВт/саатына 0,77 сом тарифи чектөөсүз иштейт.

Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде (салыктарды эске албаганда) белгиленет.

Мында социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлгөн.

Жогорулатуу төмөнкү категорияларга гана тийиштүү:

– насостук станциялар, алар үчүн тариф кВт⋅сааты/1,09 сомду түзүп, 31,6 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

– бюджеттик, өнөр-жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн, алар үчүн тариф кВт⋅саатына 2,52 сомду түзүп, 28 тыйынга жогорулаган (салыктарды эске албаганда);

– жогорулатуучу коэффициенттер колдонулчу коммерциялык түзүмдөрдүн энергия сыйымдуу керектөөчүлөрү (майнинг субъектилери, алтын өндүрүүчү компаниялар, куюу цехтери, алкоголдук өндүрүш, цемент заводдору).

Кийинки жылдары тарифтердин өзгөрүүсү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен ишке ашырылат.

Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалат.

2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт жана Гкал/1134,76 сом өлчөмүндө калат.

Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).

2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гкал/981,76 сомду түзөт.

Келерки жылдан тарта калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер 14%га жогорулайт. Орто эсеп менен бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына м3/34,5 сомду түзөт. Бул бир нече жылдан кийин ысык суу менен камсыздоонун наркына жетүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада, жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттердин кошулуусун камсыздайт.

Документтер менен төмөнкү шилтемелерден таанышууга болот:

– 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты – https://www.gov.kg/ky/npa/s/3327

– 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясаты – https://www.gov.kg/ky/npa/s/3326

Меню