Menu

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясы

“Азаттыктын” иши: Экспертиза эки суроого так жооп бере алган жок

“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис 26-апрелдеги соттук отурумда анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирди.

Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айтты.

Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырды.

“Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда “Бул видеоматериалда улут аралык кастыкты козутуунун жана согушка үгүттөөнүн лингвистикалык белгилери барбы?” деген эки так суроо коюлган. Лингвист эксперт бул суроолорго жооп бере алган жок. Биз азыр баарыбыз анын “Бул эки суроого мен жооп берген жокмун, себеби алар менин компетенцияма кирбейт” деген ачык жана так жообуна күбө болдук. Ошондуктан доо арыз эч негизсиз жана аны четке кагуу зарыл. Анткени доогер тараптын “Эгер ЖМК согушка үгүттөгөнү аныкталса, аны жабуу керек” дегенин бүгүнкү эксперт корутундусу менен да, көрсөтмөсү менен да бекемдеп бере алган жок”.

Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалды. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

“Азаттыктын” адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

"Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арыз каралып жатат

Бүгүн 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арызы каралып жатат.

“Азаттыктын” адвокаттары Маданият министрлигинин экспертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды. Сот кеңешүүгө кетти.

17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирген.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.
Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.
Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

Президент Садыр Жапаров «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда,
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана башкы аткаруучу директору Джейми Флайды кабыл алды.

Баарлашуу жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан сөз эркиндигин туу туткан, демократиялык принциптерди сыйлаган эркин өлкө экенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү иштөөгө даярдыгын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал, жалпыга маалымдоо каражаттары объективдүү, ар тараптуу, кайсыл бир тарапка көбүрөөк артыкчылык бербей, дүйнөдө таанылган чыныгы журналисттик принциптерди бекем карманып иштеши зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Джейми Флай Кыргызстанда ММКга, анын ичинде Эркин Европа / Азаттык радиосунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу медиакорпорациянын президенти өлкө жетекчилигине түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда – сөз эркиндиги коомчулуктун күнүмдүк жашоосунун ажырагыс бөлүгү болгон ачык өлкө экенин кошумчалады.

Меню