Menu

Өмүрбек Тиллебаев

Акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Бата жана каргыш” аттуу ыр менен жазылган романы жарыкка чыкты

Белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Бата жана каргыш” аттуу ыр менен жазылган романы жарыкка чыкты. Кечээ, 25-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде романдын бет ачары өтүп, ага белгилүү акын-жазуучулар, окумуштуулар катышышты.

“Бата жана каргыш” романы адамзаттын, анын ичинде кыргыз коомундагы ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын күрөшүн поэзиянын көркөм каражаттары аркылуу сүрөттөйт. Айрыкча акыркы отуз жылдагы бийликтердин эсиргени менен бийлик талашкан кутумчулардын мамлекеттик төңкөрүштөрүнө баам салып, өз жүрөгүнөн өткөргөн.

Китептин бет ачары учурунда ага катышкан адабиятчылар чыгарма тууралу жылуу пикирлерин ортого салышып, китепти Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү сунушташты. Ал эми Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев акын Өмүрбек Тиллебаевди Түрксойдун Абай Кунанбаев атындагы төш белгиси менен сыйлады.

Эске сала кетсек, буга чейин Өмүрбек Тиллебаев атактуу акын Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыкка, кийинчерээк Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыкка да татыктуу болгон.

 

Өмүрбек Тиллебаев, акын: "Кумтөрдүн" алтыны, "Садырдын свети"

Садыр Жапаров ” Кумтөрдү” канчалаган азап-тозокко кайыл болуп, каруусун казык кылып жүрүп акыры элге кайтарды. Ырасын айтсам, буга чейинки президенттерден үч көчкөн журттай көңүлүм калган курган жаным “бул деле ошолордун бирөөсү болсо керек, элдин курсагын кур сөз менен тойгузуп, алтынын ашап, анан бир күнү качат” болуш керек деп ичим тап болуп жүргөмүн. Президент Садыр Жапаровдун акыркы мезгилдеги жасаган иш-аракети менин күмөн саноомдун баарын шамал учургандай сапырып жиберди. Кечээ күнү социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин Республикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү Садыр Нургожоевичтин элге жүз бурган, анын доосун сурап, жоосун чаба турган Президент экендигин көрсөттү. Отуз жылдан бери бул тармакта эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысы мынчалык көтөрүлгөн эмес. Аскердик жаңы техникалардын, айрыкча “Байрактардын” алынышы кыргыз армиясын коомчулуктун, айрыкча коңшулардын алдында күч-кубатын чыңдады.
Садыр Жапаров келгени мен жашаган “Көлмө” конушунда дагы бир жагымдуу өзгөрүү болду. Ал биздин кечкурун карайлап бак сүзгөн көчөбүздөгү жол чырактардын кышы-жайы дебей үзгүлтүксүз жанып турганы. Кеч кирип, көз илинер замат жол чырактар жарк этип күйүп, көчөбүздүн аяк-башы алаканга салгандай көрүнө калат. Мен ага “Садырдын свети” деп ат коюп алгамын. Күнүгө кечкурун “Садырдын свети келди” деп баладай мулуңдап сүйүнүп алам да, светтин жарыгы түшкөн короомдо эсиме кылт этип келе калган ыр саптарын кайталап, күңгүрөнүп, шыбырап-кобурап басып калам. Мага көп нерсенин деле кереги жок.
Өмүрбек Тиллебаев, акын. Бишкек. Көлмө.
Меню