Menu

2010-жылдагы июнь окуясы

УКМК: 2010-жылдын июнь окуяларында Жалал-Абаддын тургунун мыкаачылык менен өлтүрүшкөн Сузактагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле, кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен, аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

2010-жылдын июнь окуяларында мыкаачылык менен адам өлтүргөндөрдүн бири кармалды

КР УКМК тарабынан 2023-жылдын 17-августунда издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалганын билдирет. Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет. 

 

УКМК: Жалал-Абад шаарында 2010-жылы мыйзамсыз басып алынган 430 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда, мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.), жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды

2023-жылдын 27-майында КР УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. 

Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-ж тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Июнь коогасы: Ошто издөөдө жүргөн Карамат Абдуллаева кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Карамат Абдуллаева 2010-жылдагы июнь коогасына шек саналып камакка алынганын билдирди. Анда Улуттук коопсуздук комитети менен бирге жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде буга чейин издөөдө жүргөн Абдуллаева 22-апрелде колго түшкөнү айтылат.

“Карамат Абдуллаева Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал 2010-жылдагы Ош окуяларынын уюштуруучуларынын бири катары издөөдө болгон. Абдуллаева 2014-жылы сыртынан 16 жылга соттолгон. Толугураак маалымат кийинчерек берилет”,-деп жазылган маалыматта.
Абдуллаева 2010-жылга чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп турган.
УКМК 2021-жылы Июнь коогасына байланыштуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши кооганы уюштургандардын бири делген Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.
Кылмыш ишинин алкагында 20дай саясатчы суралган. Арасында 2010-жылы өлкөнү жетектеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар.
Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бул иштин алкагында сурак берген.
Расмий маалыматка ылайык, 2010-жылы Оштогу кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.
2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, “куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду” деген корутунду чыгарган.
Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Элчи Өмүрбек Текебаев "эски досу" Ахматбек Келдибековду сотко берем деп коркутту

Бүгүн, 8-апрелде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жаңы пост жазып, анда 6-апрелде Бишкекте өткөн “2010-жылдагы июнь окуялары” боюнча сотто экс-спикер Ахматбек Келдибеков сотко аны айыптап, көрсөтмө бергенине таарынып, эгер Келдибеков ага каршы көрсөмөлөрүн жокко чыгарбаса сотко берерин билдирди:
“Актоо эмес, тактоо.
Тибет монахы «тентек көрүнгөн менен талашат, акылдуу теңи менен талашат, ал эми даанышман өзү менен өзү гана талашат» деген экен.
Мен эми аксакал болдум, көрүнгөн менен талаша бербей даанышман эле болоюн деген чечимге келген элем.
Бирок, ар-намыс, кадыр-барк маселесинде талашпасаң да, тактап коюу зарыл экен.
2023-жылдын 6-апрель күнү «июнь окуялары» боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө, Ахматбек Келдибеков «Убактылуу Өкмөттүн кыйсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дип.паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол коюшкан», деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат. Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок, ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң” деп эскертип, “чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат.
Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан. Сотто күбө бирөөнү акташ үчүн же каралоо үчүн гана көрсөтмө берет.
«Июнь окуялары» боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, Батыровго тийешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат.
Эгер, Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер, Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет.
P.S.
Төгүндөөнү талап кылган ушундай 3-4 учур бар. Алар жөнүндө да жакында билдирем.”

2010-жылдын июнь айындагы улут аралык кагылышууга жол берген Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин үстүнөн сот иши башталды

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык араздашууга жол берген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши башталды.

Соттогу айыпкерлердин ордунда ошол кездеги Коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов жана ИИМ министринин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков олтурушту. Ал эми дагы бир айыпталуучу Алмаз Атамбаев  абактан алынып келинген эмес.

Сот Чынгыз Бердимуратов иш жабык режимде караларын жарыялап, айыпкерлерден башкалардын баарын сот залынан чыгарып жиберди.

2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу кылмыш иши сотко өттү

Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. Анын маалымдашынча, ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту карайт жана алгачкы соттук угуу 15-августка белгиленди.

Апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган.

Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин тоз-тополоң болуп, анын негизинде бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы июнь окуясынын жылдыгына байланыштуу кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров июнь окуясынын 12-жылдыгына карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ардактуу алыс-жакында жүргөн мекендештер!

Жети дубан эли бар, жети башка өзгөчөлүү жери бар Мекенибиз – Кыргызстандын башынан нелер гана өткөн жок. Элибиз эмне деген гана мезгилдерди, эмне деген гана оош-кыйыш тагдыр чечер күндөрдү көрбөдү. Мына ошолордун баарынан улуу нарктын, каада-салттын, бекем ынтымактын, урагыс биримдиктин аркасында сакталып келе жатабыз.

Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири – 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы.

Эзелтен эле көп улуттун өкүлдөрү байырлаган үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош калаабыз менен жаштыктын шаары атанган, жайлуу Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер – өлкөбүздүн келечегине көрө албастык кылган душмандар бизди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук.

Бирок карт тарыхта мындан да оор, мындан да кыйын тагдырларды баштан кечирген элибиз кеменгерлиги, кең пейилдиги, даанышмандыгы, сабырдуулугу менен ортодогу жалындаган өрттү өчүрүп, бүтүндүгүбүздү сактап калды. Тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү. Элибиздин ушул асыл сапатын, нарк-насилин баалай билишибиз зарыл!

Биз ар жылы ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткандан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз.

Кыргыз эли жардамга кол сунгандарды эч качан эсинен чыгарбайт. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Жабыр тарткандарга жардамын аябаган жалпы журтубузга ыракмат айтабыз.

Мына ошол каргашалуу окуя бир чөлкөмдө жашаган бардык этнос өкүлдөрүнө ынтымак баарынан бийик турарын дагы бир ирет далидеди деп ойлойм. Каргашалуу апаат көп нерсеге көзүбүздү ачып, өлкөнүн биримдигине байланыштуу ар бир аракетибизге аяр мамиле кылуу керектигин таамай тастыктап берди. “Мен – кыргызстандыкмын!” деп сыймыктанган ар бир жаранга өлкө үчүн жооптуу экендигин сездирди.

Бул күн бизге кандуу калабаны эске салуу менен бирге, мындан ары достук-ынтымак мамилени чыңдоо милдетин эскертип турат! Эң оболу келечек муун үчүн кубаттуу жана өнүккөн Кыргызстанды куруу мойнубуздагы ыйык парз экенин сездирип турат!

Өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностордун ортосундагы ынтымакты коргоо маселеси турушу кажет. Өлкөбүздө улуттук саясатты жүзөгө ашырууда абдан кылдаттык зарыл!

Кыргызстанда кайсы гана улуттун өкүлдөрү болбосун – баарыбыз бардык улуттардын маданиятына, үрп-адат, каада-салтына аяр мамиле жасоо керектигин эгерим эстен чыгарбашыбыз керек.

«Ынтымагы бар элдин – ырыскысы мол болот» дейт элибизде, мындан ары  кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек. Кыргызстаныбыздын кызыл байрагынын астында башыбызды бириктирип, өлкөбүздү алга сүрөшүбүз зарыл!

Кыргызстандагы тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт.

Жараткан эл-жерибизди колдосун! Жолубузду ачып, ынтымак, берекет берсин!”.

Меню