Жалал-Абад шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү аракетинде 285 түп балаты отургузулду. Бул тууралуу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчисинин орун басары Канат Жолдошбаев билдирди.
Анын айтымында, шаар аймагындагы борбордук көчөлөрдү жашылдандыруу максатында балатылар эгилүүдө. Жалпы 400 балаты алып келинип, учурда анын 285 түп балатысы отургузулду.
-Жалал-Абад шаарынын борбордук Пушкин, Тарсус, Ленин, С.Ибрагимов жана Манас проспектилерине балатылар отургузулууда. Бул балатылардын жарымы көчөттөрдү өстүрүүчү (питомниктен) жайдан сатылып алынды. Мындан сырткары ушул эле борбордук көчөлөргө 70-80 миң түп ар түрдүү гүл көчөттөрү эгилет. Ошондой эле беш көчөгө тамчылатып суугарылуучу гүлдөр отургузулат. Учурда күнөсканада 100 миңден ашуун гүл көчөттөрдүн уругу эгилип, өстүрүлүүдө,-дейт К.Жолдошбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ